Көпүрөдөн кулаган автобустун айдоочусу тажик болуп чыкты
RU

Көпүрөдөн кулаган автобустун айдоочусу тажик болуп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санкт-Петербургда дарыяга кулап кеткен автобустун айдоочусу тажик болуп чыкты, бирок анын орус паспорту болгон, деп жазат жергиликтүү ММК.

Айдоочунун аялынын айтымында, күйөөсү 20 саат эс албай иштеп, түнкү саат 2де үйгө келген. Андан кийин аны таңкы саат 7:30да ойготуп, кайра жумушка чыгууга мажбурлашкан.

Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Миронов кырсыкка айдоочунун улуту себеп болушу мүмкүн экенин кыйытты.

"Айдоочу-Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринин өкүлү. "Коомдук транспортто мигранттарга иштөөгө тыюу салуу, мектептерде иштөөгө тыюу салуу, билим берүү системасында тыюу салуу керек", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16143