Министрлик: Эмгек квотасы менен келген чет элдиктер Бишкектеги түнкү окуяга катышкан жок
RU

Министрлик: Эмгек квотасы менен келген чет элдиктер Бишкектеги түнкү окуяга катышкан жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга эмгек квотасы менен кирген чет өлкөлүк жарандар 18-майга караган түнү Бишкектеги митингге катышкан эмес. Мындай маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтен чет элдиктерге квота кандай берилерин түшүндүрдү. Белгилүү болгондой, иш берүүчү чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу үчүн квота алат, андан кийин чет элдик жумушчу виза алуу үчүн Тышкы иштер министрлигине кайрылат. Чет элдик жаран виза алгандан кийин Кыргызстанга кирип, мамлекеттик алым (гос.пошлина) төлөнгөндөн кийин бир жылдык мөөнөткө иштөөгө уруксат алат.

Кыргызстанга туристтик виза менен келген чет өлкөлүк жаран өлкөнүн аймагында болуу менен визасын башкага алмаштыра албайт.

"Учурда Эмгек министрлиги тарабынан Түркия, Өзбекстан, Пакистан, Индия, Бангладеш, Кытай өлкөлөрүнүн 5,3 миң жаранына иштөөгө уруксат берилген.

Ушул жылдын апрель айынан бери Бангладеш, Пакистан жана Индиянын жарандарына квота бөлүштүрүү токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

Эмгек министрлиги чет элдик жарандар менен кыргызстандыктардын ортосундагы түнкү башаламандыктын катышуучуларынын арасында жумушка орношкон чет өлкөлүк жарандар жок экенин маалымдайт.

Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектеги жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Андан соң милиция тарабынан "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мушташуунун бардык катышуучулары РИИБге жеткирилген.

4 күндөн кийин мушташтын видеосу социалдык тармактарга тарап, Чүй/Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине эл чогулган. Чогулгандар саны өскөндүктөн, жерине күч органдарынын кызматкерлери тартылган. Алар жарандардан тарап кетүүнү суранган, бирок чогулгандар баш тарткан. Буга байланыштуу коомдук тартипти бузгандыгы үчүн бир катар адам кармалган.

Ал арада социалдык тармактарда чет элдиктер жашаган жатаканалардын бириндеги тартылган видеолор тараган. Анда сабоо, талап-тоноо да болгонун байкоого болот.

Милиция бардык бөлүмдөрүнө күчөтүлгөн режимге өтүп, тополоңчуларды чет элдик студенттер жашаган аймактан алып чыгып, жатакананы курчоого алышты. Топтолгон адамдар таңкы саат 5терде тарай баштады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 18-майга караган түнү 29 адам медициналык жардам сурап кайрылып, анын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16181