Бишкектеги окуядан жабыркаган чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүү каралууда
RU

Бишкектеги окуядан жабыркаган чет элдик студенттерге кенемте төлөп берүү каралууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Билим берүү жана илим министрлигинде 18 жогорку окуу жайдын ректорлору менен жыйын өткөрдү.

Жыйында чет элдик студенттер жашаган жатаканада болгон окуя жана окуу процессин калыбына келтирүү, ошондой эле республиканын билим берүү жайларынын чет элдик студенттер үчүн жагымдуулугун сактоо боюнча маселелер талкууланды.

"Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен Министрлер Кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Мындай кенемте кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөөрү кошумча жарыяланат", - деди Эдил Байсалов.

Ошондой эле, Министрлер кабинети жаштар менен зарыл болгон тарбиялык-педагогикалык иштерди уюштуруу, ошондой эле өлкөгө мыйзамсыз эмгек мигранттарынын массалык түрдө келиши жана коомдук тартипти камсыз кылуу маселелери караларын билдирди.

Эске салсак, 13-май күнү кечинде Бишкектеги жатаканалардын биринде жергиликтүү жана чет элдик жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Андан соң милиция тарабынан "Бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, мушташуунун бардык катышуучулары РИИБге жеткирилген.

4 күндөн кийин мушташтын видеосу социалдык тармактарга тарап, Чүй/Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине эл чогулган. Чогулгандар саны өскөндүктөн, жерине күч органдарынын кызматкерлери тартылган. Алар жарандардан тарап кетүүнү суранган, бирок чогулгандар баш тарткан. Буга байланыштуу коомдук тартипти бузгандыгы үчүн бир катар адам кармалган.

Ал арада социалдык тармактарда чет элдиктер жашаган жатаканалардын бириндеги тартылган видеолор тараган. Анда сабоо, талап-тоноо да болгонун байкоого болот.

Милиция бардык бөлүмдөрүнө күчөтүлгөн режимге өтүп, тополоңчуларды чет элдик студенттер жашаган аймактан алып чыгып, жатакананы курчоого алышты. Топтолгон адамдар таңкы саат 5терде тарай баштады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 18-майга караган түнү 29 адам медициналык жардам сурап кайрылып, анын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16191