Чет өлкөлүк жарандарды сабады делгендердин бирөөсү кармалды
RU

Чет өлкөлүк жарандарды сабады делгендердин бирөөсү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

18-майга караган түнү Бишкекте чет өлкөлүк жарандарды сабоого шектелген бир адам кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандык") жана 280-беренеси ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон.

Социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандары сабалган видеотасма тарай баштаган. Видеодо 20-25 жаштардагы азиат түспөлүндөгү саргыч боз кийимчен белгисиз жигит чет өлкөлүк жарандарды сабап жатканы чагылдырылган. Бул боюнча текшерүү жүрүп, азиат түспөлүндөгү белгисиз төрт адам кара түстөгү "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү унаа менен "Дордой" базарына жакын жайгашкан үйгө кирип, чет өлкөлүк жарандардын денесине залал келтирип, андан кийин белгисиз тарапка качып кетишкени аныкталган.

Аталган факты боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларынын негизинде шектүүгө тиешелүү унаа табылып, айдоочусу Бишкек шаарында эмерек жасоочу цехтин 25 жаштагы кызматкери А.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

ИИМ кармалган жаран адамдарды чет өлкөлүктөр жашаган жерлерге ташыганын дагы билдирди.

Учурда тергөө иштери улантылып, башка шектүүлөрдү аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16199