Мамкурулуш Батыш автовокзалын бузууну көздөгөн. Кайра оюн өзгөрттү
RU

Мамкурулуш Батыш автовокзалын бузууну көздөгөн. Кайра оюн өзгөрттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 22-майда Нурдан Орунтаев жетектеген Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Батыш автобекетинин имаратын бузууну баштоону көздөгөн. Аталган башкармалыктын басма сөз кызматы 23-майда демонтаждоо болот деп билдирүү таратты. Бирок бүгүн Мамкурулуш монтаждоо иштерин белгисиз мөөнөткө токтотту.

Эскерте кетсек, буга чейин мэрия Ош базарын жана эки автобекетти - Батыш жана Чыгыш автобекеттерин борбордон башка жакка көчүрүү планын билдирген. Кийинчерээк алар Ош базары жана Батыш автобекети үчүн бүтүндөй шаарча курууну пландап жатышканын айтышкан. Буга айдоочулар каршы чыгышкан.

Жаңы автобекет иштеп жатат. Ал айланма жол менен Алма-Ата көчөнүн кесилишинде жайгашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16213