Равшан Жээнбековдун жанындагы адамдан кургак учуктун ачык түрү табылганы айтылды
RU

Равшан Жээнбековдун жанындагы адамдан кургак учуктун ачык түрү табылганы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук кароо уланды.

Сот учурунда Равшан Жээнбеков абактагылардын биринен коркунучтуу жугуштуу оору - кургак учуктун ачык түрү табылганын билдирди.

"Буга байланыштуу биз - СИЗОдогу Кемпир- Абадчылардын ден соолугуна жана өмүрүнө чоң коркунуч жаралганын билдирүүгө аргасызбыз", - деп билдиришти Кемпир-Абад иши боюнча кармалган адамдар.

Соттолуучулар тергөө абагындагылардын кургак учуктун бар-жогун текшерүү тажрыйбасын билерин баса белгилешти.

"Биз Равшан Жээнбековду атайлап кооптуу илдетке кабылтуу коркунучу бар деп эсептейбиз. Ал түздөн-түз ага зыян келтирүү ниети менен оорулуу адам менен бир камерага жайгаштырылган. Бул фактыны териштирүүнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну, ошондой эле СИЗОдо жаткан бардык айыпталуучуларды инфекция жуктуруп алуу боюнча кооптуулукту кылдат текшерүүнү талап кылабыз", - деп билдиришти алар.

Жаза аткаруу кызматы Равшан Жээнбековдун айыптоолоруна кийинчерээк жооп берүүнү убада кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16248