Ататүрк сейил багын демонтаждоо иштери башталды
RU

Ататүрк сейил багын демонтаждоо иштери башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ататүрк паркынын чыгыш тарабында демонтаж башталды. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, объектилерди жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы демонтаждоодо.

Малдыбаев 69 көчөсүндө, узундугу 86 метр болгон тосмо алынып салынды. Мындан тышкары, узундугу 14 метр болгон чатыр демонтаждалат.

Тургундар тарабынан тосмону ыктыярдуу түрдө 4 кабаттуу 104/1 үйдүн айланасында демонтаждоо иштери башталат. Мэриянын маалыматы боюнча аталган курулуш муниципалдык аймакка тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок орнотулган.

Башкармалык тарабынан бул эреже бузууларды четтетүү боюнча иштер башталды.

Бүгүнкү күндө Бишкек мэриясынын кызматтары тарабынан сотко 41 доо арыз берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16252