Актилек Капаров тергөө абагында колун кескилеп жатканын айтты
RU

Актилек Капаров тергөө абагында колун кескилеп жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган журналист Актилек Капаров Кыргызстандагы он чакты жалпыга маалымдоо каражаттарына кат жазып, өзүнүн колун кесип жатканын айтты.

Ал беш айдан бери камакта мыйзамсыз жатканын белгилеп, бул убакытта бир да жолу тергөө амалдары үчүн чыгарылбаганын, иш сотко өткөрүлөр маалда гана тергөөчүлөр учкай суракка алганын билдирди. Ал кеп болуп жаткан видеолорго тиешем жок дейт.

"Мени кеп болуп жаткан видеолорго байланыштуу куугунтукка алып жатышпаганына толук ишенем. Мени өзүмдүн журналисттик ишим үчүн, депутаттарды жана аткаминерлерди айып пул төлөөгө мажбурлаганым үчүн куугунтукка алып жатышат. Мени өлкөнүн жогорку жетекчилеринин коррупциялык схемаларын ачыктаганым үчүн куугунтукташууда", – деди ал.

Журналист Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун, башка аткаминерлердин жакындары, бийлик өкүлдөрүнө жакын компаниялар тендерлерди утуп жатканы, президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев жөнүндө иликтөө чыгарганын кошумчалаган.

"Мени токтоосуз түрдө №1 тергөө абагынан бошотууну жана мага карата куугунтукту токтотууну талап кылам. Мен мага каршы жасалып жаткан бул башаламандыктарга каршымын жана колумду кескилеп жатам! Temirov Live редакциясынын жетекчиси Махабат Тажибек кызынын тергөө абагында сабалышы боюнча фактыларды, ошондой эле кармалган акын Аскат Жетигендин кыйноого алынышын (аны электр тогу менен кыйнашкан) эске алуу менен менин өмүрүм жана коопсуздугум үчүн президент Садыр Жапаров күч кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Улан Ниязбеков, башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана башкалар жеке жооп беришет", – деп жазды Капаров.

Бул боюнча Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы комментарий бере элек.

Эске салсак, 16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Темиров LIVE" медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Учурда төрт журналист: "Temirov Live" жана "Айт айт десе" долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы жана кызматкери Азамат Ишенбеков, "Алга Медианы" иштетип жаткан Актилек Капаров жана "Temirov Live" редакциясынын кызматкери Айке Бейшекеева камакта жатат.

ЖМКларга болгон кысым (44 статьи)
Сот Kloop Mediaны жоюу чечимин чыгарды
10 Февраль 2024, 10:42
Камакка алынган 11 журналисттин жакындары акыйкатчыга даттанышты
26 Январь 2024, 12:49
"Соттор да күн карама өңдүү". CИЗОдогу журналист Сайпидин Султаналиев кайрылуу жасады
23 Январь 2024, 15:30
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16260