"Альянс Алтын" алдыңкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ноутбук белек кылды
RU

"Альянс Алтын" алдыңкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ноутбук белек кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусундагы Жерүй алтын кенин иштеткен "Альянс Алтын" компаниясы өнүктүрүу фонду аркылуу Талас облусундагы "Алтын тамга" артыкчылык аттестатына ээ болгон 8 окуучуга ноутбук жана даярдаган мугалимдерине 10 миң сомдон сый акы тапшырды.

Сыйлоо аземи 30-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө болуп,облус жетекчиси Нурлан Дарданов жана "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун директору Батырбек Качкымбаевдин катышуусунда болуп өттү.

Билимдүү жаштарды колдоо жана кийинки жылкы бүтүрүүчүлөргө стимул болсун деген максатта "Альянс Алтын" өнүктүрүү фонду ар дайым билим берүүгө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөтүп келээрин фонддун директору Батырбек Качкымбаев билдирди.

"Биз ар качан билим берүү тармагын жогорулатуучу долбоорлого колдоо кылабыз. Бул жолу дагы облусубуздагы мыкты бүтүрүүчүлөрүбүзгө жана аларды окуткан мугалимдерине колдообузду көрсөтүүдөбүз. Келечекте Талас облусуна, өлкөбузгө пайдасын тийгизген мыкты атуулдар азыркы "Алтын тамга" алган окуучуларыбыздан чыгат деп толук ишенебиз", - деди Б. Качкымбаев.

Облус башчысы Нурлан Дарданов, окуучулар, мектеп жетекчилери мындай колдоосу үчүн "Альянс Алтын" компаниясына жана өнүктүрүү фондуна терең ыраазычылыгын билдиришти.

Эске сала кетсек, "Алтын тамга" артыкчылык аттестаты үчүн КРнын Билим берүү министрлиги тарабынан өткорүлгөн сынакка Талас облусу боюнча 82 бүтүрүүчү катышкан. Анын ичинен 8 окуучу артыкчылык аттестатына ээ болушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16272