Ош шаарындагы мончодо суу казаны жарылды. Жабыркагандардын абалы белгилүү болду
RU

Ош шаарындагы мончодо суу казаны жарылды. Жабыркагандардын абалы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы коомдук мончолордун биринде суу казаны жарылды. ӨКМдан билдиришкендей, жарылуудан улам өрт чыккан.

Бүгүн, 5-июнда шаардагы Кокумбий көчөсүндө жайгашкан "Байкөл" мончосунун суу казаны жарылып (котел) өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 14:06да Ош шаардык №12 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, өрт ыкчам өчүрүлгөн.

Кырсыктын кесепетинен 7 адам жабыркап, "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилди дешти министрликтен.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош облусу боюнча координатору жабырлануучулардын абалы тууралуу Kaktus.kg сайтына буларды айтып берди.

Белгилүү болгондой, Ош шаардык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен 6 адам келип түшкөн.

"Бейтаптардын үчөө эркек, үчөө аял. Алар ар кандай жаракаттарды алышкан. 5 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга чыгышты. Ал эми бир бейтап кечиктирилгис тез жардам бөлүмүндө жатат, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы орто", - деди Шаятбек Абдурахманов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16309