Жалал-Абадда белгисиз адамдар кыздарга тийишкен. Милиция териштирүүнү баштады
RU

Жалал-Абадда белгисиз адамдар кыздарга тийишкен. Милиция териштирүүнү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда эс алып жаткан кыздарга улуу курактагы кишилер тийишкен. Бул окуя боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.

Башкармалыктан 5-июнда Базар-Коргон районунун 21 жана 23 жаштагы тургундары (кыздар) Базар-Коргон РИИБне арыз менен кайрылган дешет.

Алар Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында жайгашкан Кайырма көлүнө эс алып жатканда бейтааныш болгон 4 киши коомдук жайда спирт ичимдигин ичип, ар кандай уят сөздөрдү айтып тийишкенин билдиришкен. Бул учурду кыздар видеого тартып алышкан.

Аталган факты боюнча топтолгон материал маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталды.

Учурда бул окуяга тиешеси бар жарандарды аныктоо максатында тапшырмалар берилип, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат дешти милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16311