ЖЭБдеги аварияда жабыркаган жумушчу турак жай менен камсыздалды
RU

ЖЭБдеги аварияда жабыркаган жумушчу турак жай менен камсыздалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек ЖЭБиндеги аварияда жабыркаган кызматкер ишкананын балансындагы үйдө жашай турган болду. Бул туурасында Энергетика министрлигинен кабарлашты.

Министр Таалайбек Ибраевдин өзгөчө кырдаал учурунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү зарылчылыгы жөнүндө тапшырмасынын негизинде эки жабырлануучуга моралдык чыгымдын орду толтурулду. Ошондой эле учурдагы кырдаалды жана жабырлануучунун абалын эске алуу менен Бишкек ЖЭБдин жетекчилиги жабырлануучуга ишкананын балансындагы үйдө жашоого мүмкүнчүлүк түзүп берди.

Кырсык болгонго чейин жабырлануучу үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган жана үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу болчу.

"Бишкек ЖЭБдин директору Алпбек Садыров жабырлануучу жана анын атасы менен баарлашып, анын ден соолугунун абалы жана тез айыгып кетүү үчүн мындан аркы иш-аракеттери жөнүндө таанышып, суроолорду, көйгөйлөрдү угуп, мындан ары аны тезирээк калыбына келтирүү үчүн ишкана тарабынан баардык чаралар көрүлөрүн жана зарыл жардам көрсөтүлүп турарын белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Бишкек ЖЭБинде болгон авариялык кырдаалдан жабыркаган кызматкерлер Түркия Республикасынын Адана шаарындагы Мамлекеттик илимий-изилдөө ооруканасында дарыланышкан.

9-майда Бишкек шаарына кайтып келгенден кийин Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине караштуу Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо, илимий-изилдөө институтунда реаблитациядан өтүшкөн.

Бишкек ЖЭБдеги жарылуу (9 статей)
Бишкек ЖЭБде көмүр чаңы күйүп, бир адам жабыркады
11 Апрель 2024, 17:38
Бишкек ЖЭБдеги жарылуунун себептери айтылды
11 Апрель 2024, 14:59
ЖЭБдеги авариянын кесепетин жоюуга Синьцзян өкмөтү 100 миң доллар берет
12 Февраль 2024, 16:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16324