Парламент өлкөдө Аталар күнүн түзүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды
RU

Парламент өлкөдө Аталар күнүн түзүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Кыргызстанда Аталар күнүн белгилөө боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоордун демилгечиси депутат Медербек Алиев республикада Энелер күнү белгиленип жатканын эске салды (ред.: майдын үчүнчү жекшембисинде белгиленет). Ал сунушталып жаткан долбоор энелердин салымын эч кандай түшүрбөй турганын баса белгиледи.

"Ата-эне – эки канат, эң чоң байлык, ошондуктан биз Аталар күнү да болушу керек деп эсептейбиз", - деди Алиев.

Долбоорго ылайык, Аталар күнүн 15-мартта белгилөө мерчемделүүдө.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Табылды Кадырбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16337