Нарында уран калдыгын ташыган унаанын сайга кулашы. Министрлик комиссия түздү
RU

Нарында уран калдыгын ташыган унаанын сайга кулашы. Министрлик комиссия түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 1-июнда Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы көпүрөдөн кулаган жүк ташуучу боюнча комиссия түздү. Аталган министрликтен белгилешкендей, жүк ташуучу унаа "ЭРН-Строй" жоопкерчилиги чектелген коомго таандык.

"Авариянын себептерин техникалык иликтөө комиссиясы түзүлүп, кырсыкты иликтөө боюнча бардык тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Комиссиянын мүчөлөрү жеринен радиациялык фонду өлчөп, нормалдуу экенин аныкташты, кооптонууга себеп жок.

Андан тышкары, суунун, жердин үлгүлөрүн изилдөөгө алышты. Үлгүлөрдүн жыйынтыгы 15 күн ичинде чыгарылат", - дешти министрликтен.

Комиссиянын курамына Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык техникалык, көзөмөл кызматы, Кыргыз Республикасынын тоо-кен металлургия профсоюзу, Ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин радиациалык коопсуздук бөлүмү кирди.

Белгилесек, 1-июнда Нарын облусунун Миң-Куш айылында "Туюк-Суу" калдык сактагычынан уран калдыктарын ташыган HOWO унаасы кырсыкка кабылып, сууга кулап кеткен. Жергиликтүү тургундар кырсыктын кесепеттери аларга жана аны курчап турган экосистемага зыян деген кооптонууларын билдиришкен.

Ал арада Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсык болгон учурда жүк ташуучу унаа бош болгонун, калдыктарды ташыган унаалар дезактивациядан өтүп жатканын жана кырсыктан кооптонууга негиз жок экенин маалымдаган.

Бирок жергиликтүү тургундар ӨКМнын кырсык болгон учурда жүк ташуучу унаа бош болгон деген билдирүүсүн четке кагышат. Алар кырсык болгон учурда тартылган видео менен бөлүшкөн. Анда сайга кулаган унаадан кочкул боз түстөгү бүдөмүк топурак төгүлүп жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле жергиликтүү тургундар тарткан видеодо экскаватор бул топуракты башка жүк ташуучу унаага салып жатканы байкалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16340