WhatsApp аркылуу фермерлерди баш аламандык уюштурууга чакырган деген жарандар аныкталды
RU

WhatsApp аркылуу фермерлерди баш аламандык уюштурууга чакырган деген жарандар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда WhatsApp мессенджери аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакыргандар аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлайт.

Коопсуздук комитеттен белгилешкендей, О.Ж.А. жана М.Б.А. тарабынан WhatsApp платформасы аркылуу жергиликтүү фермерлерди массалык баш аламандык уюштурууга чакырып, жолдорду тосуп, сүт ташыган унаанын айдоочуларын барымтага алуу аракети аныкталды.

Сүттүн баасынын сезондук төмөндөшүнө байланыштуу аталган адамдар 1000ден ашык катышуучусу бар WhatsApp группасы аркылуу облустун аймагында коомдук тартипти бузган, деструктивдүү аракеттерге чакырган аудио билдирүүлөрдү таратышкан.

"Соттук лингвистикалык экспертизанын корутундусуна ылайык, О.Ж.А. жана M.Б.A. тараткан аудио билдирүүлөрдө массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык белгиси аныкталган. Мындан улам бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

УКМК жарандарды коомдук тартипти бузбоого жана социалдык тармактарда тараган чагымчыл маалыматтарга алданбоого чакырат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16343