Чүйдө айылдашын даракка байлап, мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектүү кармалды
RU

Чүйдө айылдашын даракка байлап, мыкаачылык менен өлтүргөнгө шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда 52 жаштагы кишини мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип айылдашы кармалды. Облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, маркум менен шектүү мас абалда чырдаша кетишкен.

Такталгандай, 10-июнда саат 07:00 чамасында 1968-жылы туулган М.М. айылдашы - 1974-жылы туулган М.А`нын үйүнө барган. Алар спирт ичимдигин ичип отуруп, ортосунда уруш чыккан. Үй ээси айылдашы М.М`ны даракка байлап, денесине көптөгөн жаракат келтирген. 52 жаштагы киши алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Аталган факты боюнча 122-берененин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1974-жылы туулган М.А. кармалды.

Учурда тергөө амалдары улантылууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16346