Депутаттардын эл аралык иш сапарларына убактылуу тыюу салынды
RU

Депутаттардын эл аралык иш сапарларына убактылуу тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутаттардын эл аралык иш сапарларына убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу спикер Нурланбек Шакиев парламенттин 12-июндагы жыйынында билдирди.

Төраганын айтымында, Жогорку Кеңештин пленардык сессиясынын аякатарына бүгүнкүнү эсепке албаганда беш жыйын калды.

"5 пленардык жыйында өлкө үчүн, эл үчүн, мамлекеттин тагдыры үчүн кабыл алына турган мыйзам долбоорлору жана маанилүү документтер бар. Ошондуктан баарыңыздар активдүү катышып, иштеп берсеңиздер.

Алдын ала айтып коёюн, ушул дүйшөмбү (10-июнь) күндөн баштап бардык чет өлкөлүк иш сапарларга чектөө коюлду. Өтө маанилүү 1-2 иш сапар болбосо калгандарын токтотобуз. Эч жакка чыкпайбыз, 3 апта активдүү иштеп берүүңүздөрдү суранам", - деди Шакиев.

Эске салсак, парламент 1-июлдан тарта жайкы эс алууга чыгат. Депутаттар 1-сентябрдан тарта ишке киришет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16351