Депутаттар Кызыл-Омполдо уран казууну үч окууда жактырды
RU

Депутаттар Кызыл-Омполдо уран казууну үч окууда жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Кызыл-Омполдо уран казууну үч окууда жактырды.

70 депутат макул, сегизи каршы добуш берди.

Эске салсак, мыйзам долбоорунда республикадагы уран жана торий кендерин чалгындоого жана иштетүүгө мораторийди алып салуу сунушталууда.

Долбоорду Министрлер кабинети иштеп чыгып, 2020-2023-жылдардагы окуялардын оор экономикалык кесепеттеринен улам Кыргызстандын экономикасы тез арада кирешенин башка булактарына муктаж экенин белгилейт.

Депутат Балбак Түлөбаев 2023-жылдын июнь айында Кажы-Сайдагы уран калдыктары көмүлгөн жерлерди рекультивациялоо зарылдыгын билдирген. Ал 8 айдан кийин Жогорку Кеңештин жыйынында сейрек кездешүүчү жана уран кендерин иштетүүнү баштоо сунушун айткан.

Эки аптадан кийин президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Тоң райондорунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуу өткөргн. Анда Кызыл-Омпол кенин иштетүү пландары тууралуу айтып, парламент уран казууга тыюуну алып салаарын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16363