Уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизүү
RU

Уюлдук телефондорду идентификациялоонун мамлекеттик системасын ишке киргизүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жасалма телефондорду колдонуудан коргоо, ошондой эле уурдоону жана телефондук алдамчылыкты жоюу максатында 2024-жылдын 25-июнунан тартып Мамлекеттик уюлдук телефондорду идентификациялоо системасы ишке кирет.

Телефонумду азыр катташым керекпи?

Бүгүнкү күндө жергиликтүү байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, O!) байланыш кызматтарын (SIM-карталарды) пайдаланган баардык уюлдук телефондор системадан автоматтык түрдө каттоодон өткөн. Мунун учурда жарандар колдонуп жаткан уюлдук телефондорго эч кандай таасири тийбейт.

Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү мобилдик байланыш операторлорунун SIM-картасын туташтыруу менен иштетилбеген жеке телефондорду акысыз каттоого шашылыңыз

Телефондорду ким катташы керек?

Сатуу үчүн башка мамлекеттерден алынып келген уюлдук телефондор импорттоочулар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына кирери менен катталууга тийиш. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдуу түрдө импорттолгон, колдонууга коопсуз IMEI коду* менен катталган уюлдук телефондорду гана сатууга уруксат берет (анын ичинде дүкөндөр, базарлар жана интернет аркылуу сатуулар).

*IMEI код – SIM-карта менен иштеген ар бир уюлдук телефонго ыйгарылган эл аралык уникалдуу номер. Уюлдук телефондун IMEI кодун телефонуңуздан *#06# терүү аркылуу биле аласыз.

Кыргыз Республикасынын аймагында сатылып жаткан уюлдук телефондорду сатып алуучулар каттоого муктаж эмес, каттоо импорттоочулар тарабынан өлкө аймагына кирер замат сатыкка чыкканга чейин жүргүзүлүшү керек. 2024-жылдын 25-июнунан тартып уюлдук телефон сатып алардан мурда телефондун IMEI коду катталгандыгын текшерип алуу керек: Текшерүүнү www.imei.kg же байланыш операторунун тиркемелери аркылуу: "Мой Beeline", "Mega 24", "Мой О!" жүргүзө аласыз.

2024-жылдын 25-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында уюлдук телефондорду Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары сатып алган адамдар (мисалы, телефон чет өлкөдөн алынып келсе же Кыргыз Республикасынан тышкары эл аралык базарлардан онлайн буюртма кылынса, мисалы Wildberries, Ozon, Amazon, Aliexpress ж.б.) 2024-жылдын 25-июнунан тартып аларды www.imei.kg сайтында жарыяланган көрсөтмөлөр боюнча каттоодон өткөрүү керек болот.

Система ишке киргенден соң эки ай аралыкта жеке телефондорду каттоо бекер жүргүзүлөт.

Жөнөкөй жарандар үчүн системанын артыкчылыктары

Аппараттарды идентификациялоо жана каттоо жарандардын жеке турмушуна болгон конституциялык укуктарын бузбайт. Мамлекеттик идентификациялоо системасы керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого, бардык коопсуздук чараларын сактоого жана уюлдук телефондордун эл аралык сапат стандарттарына шайкештигин камсыздоого багытталат.

Ошондой эле Мамлекеттик идентификациялоо системасын киргизүү контрафакттык, кооптуу түзүлүштөрдүн мыйзамсыз импортун жокко чыгарат. Бул аккумулятордун жарылуусун жана сапатсыз техникалык бузулуу тобокелдиктерин алдын алат.

Система ишке киргизилгенден кийин алдамчылык жана террористтик максаттарда колдонгон телефондор система тарабынан бөгөттөлөт.

Мамлекеттик идентификациялоо системасы телефон алдамчыларды, ууруларды кыскартууга олуттуу таасирин тийгизет, анткени жарандар укук коргоо органдарына кайрылганда система мындай түзүлүштөргө бөгөт коюп, өлкө аймагында аларды андан ары колдонулушуна же жайылтылышына жол бербейт.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Мамлекеттик идентификациялоо системасынын сайтына кириңиз: www.imei.kg.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16370