Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
RU

Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 15-июнда Россиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Өлкө лидерлери эмнени талкуулаганын презденттин администрациясынан кабарлашты.

"Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды", - деп айтылат маалыматта.

Президенттер аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16383