Президент Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады
RU

Президент Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-июнда Кыргызстан элин Курман айт майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысы куттуктоосунда бул майрамдын Кыргызстан эли үчүн маанисин белгилеп, анын руханий маңызын баса белгиледи. Куттуктоонун текстин президенттик аппарат таратты.

"Урматтуу мекендештер, бардыгыңыздарды Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Бул майрам – боорукердик менен кайрымдуулук баалуулуктарын камтыган өзгөчө улуу майрам. Курман Айт жана андагы жөрөлгөлөр – мусулмандардын жашоо-турмушунда маанилүү роль ойноп, коомдук биримдикти чыңдап, өз ара сый-урматтын, эриш-аркак байланыштын, кут-берекенин жышааны болуп келген жана боло берет.

Курман Айт майрамы бүгүнкү күндө да адам баласынын дилинин тазарышына, ыймандуу, ынсаптуу, ырайымдуу, ыйбаалуу болушуна үндөп келет. Бул күндү баарыбыз ар дайым кубануу менен тосуп алабыз.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, акыркы жылдары өлкөбүздө улуттук-руханий баалуулуктарды өнүктүрүү жана жайылтуу, дин тутуу эркиндигин камсыздоо боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.

Биз, албетте, өлкөбүздөгү көп этностуу жана көп конфессиялуу элибиздин үмүт-тилегин ишке ашырууга, өлкөдөгү ар улуттардын маданиятын сактоого, Кыргызстанды Ата Мекеним деп эсептеген ар бир кыргыз жаранынын бийик максаттарына жетүүсүнө өзгөчө көңүл бурабыз.

Биргелешкен күч-аракетибиз менен Кыргызстанды достуктун жана сабырдуулуктун өкүмү сүргөн, улутуна, тилине, динине карабастан, тынчтык жана бакубатчылык орногон өлкөгө айландырабыз деп бекем ишенем.

Бүгүнкү күндө өлкө мусулмандары үчүн түзүлгөн мүмкүнчүлүктөрдүн аркасында 6 миңден ашуун мекендешибиз ажылык милдетин аткаруу үчүн алыскы сапарда жүрүшөт. Жараткандан мусулманчылык парзын аткарып жүргөн жарандарыбыздын Ата Мекенибиздин, эл-журтубуздун өсүп-өнүгүшү үчүн кылган бата-дубаларынын кабыл болушун тилеймин.

Алыс-жакында ар кандай максаттар менен жүргөн мекендештерибизди, ошондой эле мамлекетибизге чет өлкөлөрдөн келип окуп-иштеп жаткан бардык мусулмандарды бүгүнкү майрамы менен куттуктаймын.

Урматтуу мекендештер, майрам күнү курмандык чалып, айткан тилегиңер кабыл болсун. Ар бирибиздин жүрөгүбүзгө ыйман уялап, ар бир үйгө ырыскы толсун. Жараткан ар кандай бөөдө кырсыктардан сактап, өлкөбүз өнүгүү жолунан тайбасын", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16386