Садыр Жапаров ID карталарды бекер алмаштыруу акциясы башталарын билдирди
RU

Садыр Жапаров ID карталарды бекер алмаштыруу акциясы башталарын билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Учкун" мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июлдан тарта эски ID карталарды бекер алмаштырат. Бул туурасында президент Facebook баракчасына жазды.

Өлкө башчы документти акысыз алмаштыруу акциясы убактылуу экенин белгиледи.

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой, паспорт, ID карт жана башка документтердин баары өзүбүздөн чыга баштады. Буга чейин "чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын паспорттору сатылат экен" деген имиш кептер айтылып келген. Тилекке каршы, мындай кептердин чындык экени аныкталган учурлар да болгон. Балким, бүгүнкү күндө да көптөгөн чет өлкөлүктөрдүн колунда Кыргызстандын паспорту менен ID карттары бардыр. Алардын мөөнөтү бүткөнчө алды 10 жыл, арты 5 жыл керектелиши мүмкүн. Албетте, мөөнөтү бүткөндөн кийин алардын баары жараксыз болуп калат.

Эми мындан ары Кыргызстандын жасалма паспорту, жасалма ID карта деген түшүнүк болбойт. Себеби паспорттор өзүбүздөн чыга баштады. Буюрса, жасалма кылып чыгарууга мүмкүн эмес, жашыруун корголуучу элементтери көп. Андан сырткары, мурдагыдай оңго-солго, туш келди кишилерге сатылбайт.

Ушуга байланыштуу ID карттарды бекер алмаштыруу боюнча акция жүргүзөбүз. Акция 1-июлдан баштап 31-августка чейин жүрөт. "Учкун" мамлекеттик ишканасы менен Санариптик өнүктүрүү министрлиги 1-июльга даяр болгула.

Андан кийин ID карттар адаттагыдай эле өздүк баасына, тагыраагы, 600 сомдон алмашылат. Ошондуктан ID картыңарды бекер алмаштырганга шашылгыла", - дейт президент.

Садыр Жапаров кошумчалагандай, жалпы жарандык паспортторду бекер алмаштырганга азырынча каражат жетишсиз. "Күчүбүз жеткен күнү жалпы граждандык паспортту дагы бекер алмаштыруу боюнча акция өткөрөбүз. Ушул жол менен гана өзүбүздөн чыгып жаткан паспортторго кыска мөөнөттө толук өтүп кетишибиз керек", - деп белгиледи.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен Kaktus.media сайтына президенттин бул демилгеси боюнча маалыматтары жок экенин билдиришти.

Буга чейин ID карталарды жана жалпы жарандык паспортторду берүү 2020-жылдагы паспорттордун бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлүп, андан кийин Кыргыз Республикасынын жарандарына 2024-жылдын үлгүсүндөгү ID карта, 2023-жылкы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорттор берилери айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16409