Өспүрүмгө чечим чыгарганды кантип үйрөтсө болот? Адистен кеңеш
RU

Өспүрүмгө чечим чыгарганды кантип үйрөтсө болот? Адистен кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм курак – адамдын кийинки бүткүл жашоосуна чоң таасир тийгизген мезгил: ал жашоосунда болгон окуяларга кандай мамиле жасайт, кандай чечим кабыл алат, кандай чөйрөнү тандайт, өзүнө жана жакындарына, деги эле башка адамдарга кандай мамиле жасайт, ийгиликтүү болобу, каалаган нерсесине жетүүгө үйрөнө алабы, анын умтулуусу кандай болот жана кыйынчылыктарды кантип жеңет - мунун баары үчүн жеке ресурстар жана жөндөмдөр өспүрүм куракта калыптанат.

Баланын 13-14 жашында баалуулуктар жана кызыкчылыктар системасы өзгөрөт. Мурда баалуу болгон нерсесинин баркы түшүп, жаңы кумирлери пайда болуп, чоңдор жана ата-энелер менен болгон мамилеси көбүнчө нааразычылык мүнөзгө айланат. Бул куракта өспүрүмдөр адаттан тыш болгон нерселерге тартылышат, көбүнчө формалдуу эмес агымдарга берилип кетишет. Заманбап өспүрүмдө "Мен" дегенди ырастоо үчүн ачык каалоолору болот.

Сыртынан караганда, бул курактын кризиси бул нерселерден байкалат: оройлук, жашыруундуулук, атайылап жасалган жүрүм-турум, чоңдордун талабына жана каалоосуна каршылык көрсөтүү, тил укпоо, кадимки баарлашуу чөйрөсүнөн чегинүү. Өспүрүм ага эмне болуп жатканынын себептерин талдаганды билбей кыйналат.

Өспүрүмдө көп учурда негизсиз тынчсыздануу сезими пайда болот, өзүн-өзү баалоо сезими өзгөрөт, бул учурда ал абдан аялуу болуп, конфликтке жана депрессияга кабылышы мүмкүн. Ал башкалардын көзүндө эң акылдуу, эң сулуу, эң эр жүрөк, эң жөндөмдүү ж.б. болуп көрүнгүсү келет.

Ошол эле учурда өспүрүмдүн өзүнө болгон мамилесинин кайрадан курулууусу анын эмоционалдык абалына гана эмес, чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүнүн өнүгүшүнө жана жалпы эле жашоодон канааттануу сезимине да таасирин тийгизет. Окуу бул убакта экинчи планга өтөт.

Өспүрүм курактын эң негизги маселеси – бул жыныстык жетилүү. Бул учурда психосексуалдык көз караштар жана ориентациялар калыптанат. Ал ушунчалык өзгөрөт дейсиз, бекеринен бул мезгилди "гормондордук же эндокриндик бороон" деп аталбаганын түшүнсө болот.

Балдар психологу Елена Сопрунова бул мезгилде өспүрүмгө туура чечим чыгарууга кантип жардам берсе болору тууралуу кеңеш берди. Анын айтымында, өспүрүмдүн чечим кабыл алуу процессине жетекчилик кылуунун алты натыйжалуу жолу бар.

Өспүрүмгө туура чечим чыгарууга кантип жардам берсе болот?



"Балаңыз көбүрөөк эркиндик каалап жатканда, сиз анын коопсуздугун сактагыңыз келет. Өспүрүм бой жеткен сайын ага тандоо эркиндигин бериңиз. Көз карандысыздыктын жогорулашы көбүрөөк эркиндикти камсыз кылат, бул өз кезегинде өспүрүмдүн өзүнүн жөндөмдүүлүктөрүнө болгон ишенимди арттыра жана туура чечимдерди кабыл алууга өбөлгө болот", -деп белгилейт адис.

Жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, 13-18 жаштагы өспүрүмдөр чечим кабыл алууда атайын бир жетекчиликке муктаж. Анткени, бул куракта баланын мээсинин ырахат алууга жооп берген бөлүгү, логикага жана туура жыйынтык чыгарууга жооп берген бөлүгүнө үстөмдүк кылат.



Бул үч суроону ар дайым өспүрүмдөн сурап турушуңуз керек:

  • Сен жүрүм-турумуңду коопсуз деп эсептейсиңби?
  • Сен акылдуу иш кылдым деп жана бул аракетиң сага узак мөөнөттүү пайда алып келет деп ойлойсуңбу?
  • Башкаларга адилеттүү мамиле жасап жатам деп ойлойсуңбу?

Өспүрүмдүн чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрүү жолдору:

  • Оор чечим кабыл алуу, чынында, өтө көп нюанстар менен күрөшүү дегенди билдирет. Бул учурда туура чечим кабыл алуу үчүн эң жакшы ыкма - бул маселе эмнеде жатканын түшүнүү. Мисалы, балаңыз үчүн кайсы жаңы мектеп эң жакшы экенин аныктап жатканда, чечим кабыл алууда эске алынышы керек болгон ар кандай критерийлер жөнүндө аны кабардар кылыңыз.
  • Эгерде сизде чечимдин ар кандай варианттарынын чоң тизмеси бар болсо, анда негизги артыкчылыктарыңыздын тизмесин түзүп, аны талаптарыңыздын тизмеси менен салыштырыңыз.
  • Сиздин өспүрүм сиз кабыл алган чечимдер реалдуу экенин түшүнүшү керек. Бул нерсе дагы балаңызга өзүн сындаганга жардам берүүнүн жакшы жолу.
  • Өспүрүмгө анын чечимдери башка адамдарга кандай таасир тийгизээрин түшүнүүгө жардам бериңиз. Бир чечимге келээрден мурун көп факторлорду эске алуу керектигин түшүнсүн. Мисалы, ал вегетариан болууну кааласа, бул бүт үй-бүлөнүн тамактануу адаттарына кандай таасир этээрин, ата-энеси ага өзүнчө тамак жасоого макулбу же ал бул жоопкерчиликти өзүнө алабы, жакшылап ойлонушу керек.
  • Чечим кабыл алуудан мурун өспүрүмгө ойлонууга жетиштүү убакыт берүүнү эрежеге айландырыңыз.
  • Бир чоң чечимди бир нече кичинекей чечимдерге бөлүү ийгиликке алып келет. Кичинекей кадамдар туура багытта бара жатасызбы же жокпу аныктоого жардам берет. Өспүрүмдүн чыгарган чечимдеринин кесепеттерин көзөмөлдөңүз. Мисалы, толук кандуу вегетариан болгонго чейин өспүрүмдөн малдын, канаттуулардын этин жана балыкты жегенди азайтууну сурансаңыз болот.

Чечим кабыл алуу жана достордун басымы

Чечим кабыл алуу процесси практика талап кылат. Бала чоңойгон сайын анын тарбиясы көзөмөлгө караганда кеңеш жана жол көрсөтүү мүнөзүнө ээ болот. Балаңызды жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алып жатканда колдоо үчүн сүйүүңүз, тажрыйбаңыз, ишенимиңиз жана убакытыңыз менен бөлүшүңүз.


Өспүрүмдөр ата-энелеринин тажрыйбасына, ишенимине жана баалуулуктарына шек келтирип, талашып-тартышса да, аларды бул бой жетүү курагында колдогонду токтотпош керек.

Эсиңизде болсун: аларды канчалык көзөмөлдөсөңүз, алар ошончолук каршылык көрсөтүшөт. Аларга болгон мамилеңизде сылык болуңуз.

Елена Сопрунова белгилегендей, ар бир өспүрүм ата-энелери айткандай, "жаман чөйрөдөгү" башка адамдардын таасири астында калган кырдаалга туш болгон болот.

"Теңтуштарынын басымы - ар бир өспүрүм башынан өткөрө турган нерсе. Бул учурда, өспүрүмүңүзгө минтип айтыңыз:" Теңтуштарыңдын басымы менен күрөшүү же уялуу сезимин сезүү кадимки көрүнүш. Ар бир адам жашоосунда кандайдыр бир учурда мындай окуяга туш болот.

Теңтуштардын басымына туруштук берүү үчүн машыгуу жана кайраттуулук талап кылынат, ооба, башында коркунучтуу болушу мүмкүн. Бирок канчалык басым болбосун, "жок"деп айтуу варианты болот."

Жагдай туңгуюкка кептелип, андан чыгуу жолу жоктой сезилсе дагы, сен гана кырдаалды көзөмөлдөй турганыңды жана сенде тандоо укугу бар экенин унутпа. Эгер досторуң менен кандайдыр бир кооптуу бир нерсе жасоого барыш керек болсо, бирок сенде басым болуп жатканын сезсең, эмне кыларыңды билбесең, анда сен өзүң ишенген чоң бир адамга кайрылсаң болот же ата-энеңден психологго кайрылуусун сурана аласың", - деп кеңеш берди Елена Сопрунова.

Күчтүү болуп жана теңтуштардын басымына жол бербөө үчүн бул жөнөкөй ыкмаларды колдонсоң болот:

  • "Жок, рахмат" же "Бул мен үчүн эмес" деп ишенимдүү айтуу;
  • Басымга же каалабаган көңүл бурууга юмор менен жооп кайтаруу;
  • Көңүлдү өзүңөн же кырдаалдан башка жакка буруу;
  • Позицияны белгилөө, маектешип жаткан адамдын басым жасап жатканы сен үчүн жагымсыз экенин түшүндүрүү;
  • Сен ишенген адам менен сүйлөшүү, жардам жана колдоо суроо.

Тарбия чечим кабыл алуу жөндөмүнө кандай таасир этет?

Ата-эне өспүрүмдүн кордук көрүп жатканын түшүнгөндө, кийлигишүүлөрү керек. Биринчиден, баланы угуу маанилүү. Аны менен учурдагы кырдаалды талкуулап, андан чыгуунун жолун чогуу издөө керек. Кандай болгон күндө да, ал жалгыз калбай турганын жана коргой турган адамдары бар экенин билдирүү керек. Керек болгон учурда мугалимдер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл.

Адис инсанды калыптандырган мамилелердеги микрочөйрө элементтеринин бири - үй-бүлө экенин белгилейт. Ошол эле учурда чечүүчү нерсе анын курамы эмес – толук же толук эместигинде эмес, адеп-ахлактык атмосферада, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, чоңдор менен балдардын ортосунда калыптанган мамилелерде. Биргелешкен иш-чараларда ата-энелер уулунун же кызынын мүнөзүн билип гана тим болбостон, балдар да ата-энесин жакшыраак тааный алышат. Өспүрүмгө чоңдор менен биргелешкен иш-аракеттер керек, ошондо алар биргелешип оор кырдаалдардан чыгуунун жолун таба алышат.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (39 статей)
Ата-энелер кадырын түшүрүп албастан баланын коммуникациялык жөндөмүн кантип арттырса болот
27 Июнь 2024, 16:23
Эрте курактагы нике. Көйгөйлөр жана чечимдер
27 Июнь 2024, 11:56
Өспүрүмгө кризис менен күрөшкөнгө кантип жардам берсе болот? Ата-энелер үчүн сунуштар
21 Июнь 2024, 15:28
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16418