Чүйдө кичи ГЭС ишке киргизилди
RU

Чүйдө кичи ГЭС ишке киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунда кубаттуулугу 2 МВт болгон "Ысык-Ата-1" кичи ГЭСи ишке киргизилди. Министрлер кабинетинен кабарлашкандай, ачылышка Акылбек Жапаров катышып, өлкөдө жаңы чакан жана ири ГЭСтерди куруу артыкчылыктуу экендигин белгиледи.

"Биз өлкөбүздө ар бир ишкананын ачылышына кубанычтабыз жана аларга гүлдөп өнүгүүнү каалайбыз.

Бул кичи ГЭСтин ишке кириши менен биз президент Жапаров Садыр Нургожоевичтин жарлыгын ишке ашырып жатабыз. Кошумчалай кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республика боюнча 100 ишкана, анын ичинде бул кичи ГЭС ачылат. Жакынкы жылдарда биздин өлкөдө ондогон гидроэлектростанциялар, күн жана шамал станциялары курулат.

Кылымдын курулушун баштадык – Камбар-Ата ГЭС-1, ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу да башталат, ал Шанхайдан Парижге чейинки эң кыска жол болот", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган мамлекеттик жана жеке сектордун биргелешкен аракетинин натыйжасы экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16430