Өзгөндө да сел жүрүп, 300 адам эвакуацияланды
RU

Өзгөндө да сел жүрүп, 300 адам эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Өзгөн районунда 22-23-июнь күнү каттуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кыян жүргөн аймактардан жалпы 300 адам коопсуз жайга көчүрүлгөнүн маалымдады.

Такталгандай, нөшөрлүү жаандан улам Мырза-Аке - Кара-Шоро жолунун 60-62-чакырымында кыян жүрүп, жол каттамы жабылып калган. Натыйжада "Кара-Шоро" улуттук паркына барган жарандар жолдон өтө албай калышкан.

Жерине атайын техника, коомдук тартипти сактоо кызматы, медициналык кызматкерлер, жол тейлөө кызматы тартылып, 23-июнь күнү "Кара-Шоро" улуттук паркынан 100 адам коопсуз жайга эвакуациялынды.

Ал эми 24-июнда Өзгөн районундагы сел жүргөн аймактардан дагы 200 адам коопсуз жайга эвакуациялынды. Жалпы сел жүргөн аймактан 300 адам эвакуацияланды.

Белгилесек, 24-июнда туруксуз аба ырайына байланыштуу Баткен облсунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптап, зыян келтирди. Андан тышкары селдин кесепетинен 5 жашар бала каза болуп, дагы бир адам жабыркады. Жалал-Абад облусунун Дооронбек Садырбаев жана Кеңеш айылдарындагы сайга жакын жайгашкан үйлөргө суу кирди. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ал эми Таластын Бакай-Ата районунда нөшөрлөп жааган жамгыр жана мөндүрдөн улам эгин талаалары зыян тартып, айрым үйлөрдү суу каптады. Ошондой эле катуу шамалдан үйлөрдүн чатырлары учту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16451