Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Президент макулдашууну ратификациялады
RU

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу. Президент макулдашууну ратификациялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров 2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин жана Өзбекстан өкмөтүнүн ортосундагы "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 19-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүзөгө ашыруу болуп саналат. Ошондой эле "Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун практикалык ишке ашырууну баштоого мүмкүндүк берет.

Долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүдө олуттуу көмөк көрсөтөт.

"Жаңы темир жол коридору Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына айланат жана Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия, жакынкы Чыгыштын рынокторуна жол ачат, анын ичинде, Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат", - деп айтылат маалыматта.

Долбоор эл аралык рынокто жүктөрдү жеткирүүдө аралыкты жана убакытты кыскартуунун эсебинен транзиттик ташуулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16468