Жалал-Абадда чек арачылар ишкерлерден пара талап кылганга шектелди
RU

Жалал-Абадда чек арачылар ишкерлерден пара талап кылганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун "Бек-Абад" көзөмөл өткөрүү пунктунун аскер кызматкерлери системалуу түрдө акча каражатын талап кылганга шекетелүүдө. УКМКдан белгилешкендей, алар чет элдик ишкерлерден акча талап кылышкан.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Сузак районундагы "Бек-Абад-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунда иштеген аскер кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары катталган. Алар колдонуудагы көрсөтмөлөрдү бузуу менен мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө активдүү көмөктөшкөн.

26-июнда акча каражаттарын кабыл алуу учурунда өткөрүү пунктунун нөөмөт башчысы, капитан А.О.А., ошондой эле бул коррупциялык схемага аралашкан анын айрым кол алдындагы кызматкерлери пара менен кармалды.

Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган кылмыштарга Чек ара кызматынын башка кызмат адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

"Бек-Абад-автожол" көзөмөл өткөрүү пункту 2023-жылдын 1-сентябрынан тарта ишин жанданткан. Аталган пункттан Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары жеңил транспорт менен өтө алышат. Жеке пайдаланыла турчу товарларды эске албаганда жүк, товар жана жаныбарларды алып өтүүгө болбой турганын эскертет УКМКдан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16471