Бишкекте Совет көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат
RU

Бишкекте Совет көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Абдрахманов (Совет) көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери улантылат. Буга байланыштуу 29-июндан тарта аталган көчөнүн бөлүгү жабылат дешет мэриядан.

Маалым болгондой, Байтик баатыр көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Скрябин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. 29-июнда көчөнүн аталган бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылат.

Ал эми 29-июндан тарта капиталдык оңдоо жумуштарына байланыштуу:

  • Байтик баатыр көчөсү менен Медеров көчөсүнүн кесилиши;
  • Абдрахманов көчөсүнүн Бөкөнбаевден Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Мындан тышкары 29-июндан баштап Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишин 2-июлга чейин жабуу, ошондой эле Байтик баатыр жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишин 4-июлга чейин жабуу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, капиталдык оңдоо жумуштары Байтик баатыр, Ахунбаев жана Жибек жолу көчөлөрүндө жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16476