Мамлекеттик идентификациялоо системасында уюлдук телефондорду каттоо тартиби
RU

Мамлекеттик идентификациялоо системасында уюлдук телефондорду каттоо тартиби

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР аймагына аткезчилик жолдор менен кирген уюлдук телефондорго бөгөт коюу, ошондой эле уюлдук алдамчылыкка жана урдоого каршы күрөшүү максатында 2024-жылдын 25-июнунан тартып уюлдук телефондорду мамлекеттик идентификациялоонун системасы (МИС) иштей баштады.

Азыр уюлдук телефондуңузду каттоодон өткөрүшүңүз керекпи?

2024-жылдын 25-июнуна чейин жергиликтүү байланыш операторлорунун (Мегаком, Билайн, О!) кызматын колдонгон баардык уюлдук телефондор мамлекеттик идентификациялоо системасында автоматтык түрдө катталды.

Кыргыз Республикасынын аймагында уюлдук телефонду сатып алууда кардарлар эмне кылышы керек?

КР аймагынан сырткары сатуу максатында алынып келинген уюлдук телефондор импорттоочулар тарабынан мамлекеттик идентификациялоо системасынан каттоосун өткөрүшү шарт. Ошентип, КР мамлекеттик идентификациялоо системасында катталган коопсуз уюлдук телефондордун сатылуусуна уруксат берилет.

Жарандар тарабынан КР аймагында сатылып алынган уюлдук телефондор өз алдынча каттоодон өткөрүлбөшү керек, анткени аларды сырттан алып келген импорттоочулар тарабынан алдын ала КР аймагына алып келген учурунда каттоодон өткөрүшү шарт.

Жарандар 2024-жылдын 25-июнунан тартып, КР аймагында уюлдук телефондорду сатып алаарда мамлекеттик идентификациялоо системасында катталгандыгы тууралуу текшерүүсү зарыл. Текшерүү www.imei.kg сайтынан же байланыш операторлорунун "Мой Beeline", "Mega 24", "Мой О!" тиркемелери аркылуу жүргүзүлөт.

25-жылдын 2024-июнунан тартып мамлекеттик идентификациялоо системасында каттоодон өтпөгөн уюлдук телефондорду сатып алуу сунушталбайт, анткени алар КР байланыш тармактарында иштебейт. Эгер, Сиз мамлекеттик идентификациялоо системасында катталбаган уюлдук телефонду сатып алсаңыз, аны сатуучуга кайтарып берүүнү сунуштайбыз.

КР аймагынан тышкары уюлдук телефонду сатып алууда

Уюлдук телефонду КР аймагынан тышкары сатып алган жарандарга (мисалы, телефон чет өлкөдөн алып келген болсо же КР чегинен тышкары дүкөндөрдөн же онлайн заказ кылса Wildberries, Ozon, Amazon, Aliexpress. ж.б.) 2024-жылдын 25-июнунан тартып, аларды мамлекеттик идентификациялоо системасында каттоо керек болот. Каттоо үчүн www.imei.kg сайтындагы көрсөтмөлөрдү аткарыңыз.

Маанилүү! Эгерде, Сиз өзүңүз КР байланыш тармактарында мурда активдештирилбеген жеке колдонуу максатында жаңы уюлдук телефондорду чет мамлекеттерден алып келе турган болсоңуз, анда Сиз КР аймагына алып кирген күндөн тартып алгачкы 30 күндүн ичинде каттоодон өткөрүшүңүз керек. (Эгер уюлдук телефонду чет өлкөдөн өзү менен кошо алып келген болсо, же онлайн сатылып алынган болсо).

Мамлекеттик идентификациялоо системасы ишке киргенден кийинки алгачкы эки айда жеке колдонуу үчүн алынган уюлдук телефондордун каттоосу акысыз жүрүгүзүлөт.

Коопсуз болуңуз жана телефонуңузду коргоңуз!

Кененирээк маалымат www.imei.kg сайтында.​

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16488