Кыргызстандын үч районунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат
RU

Кыргызстандын үч районунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 12.00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 311,4 миң шайлоочудан 23,7 миң шайлоочу добуш берди, башкача айтканда, шайлоого катышуу 7,61 пайызды гана түздү.

Округдар боюнча шайлоочулардын саны:

  • Ноокат - 10 550 адам (11,59 пайыз);
  • Свердлов - 5 795 (4,71 пайыз);
  • Ысык-Көл - 7 365 (7,57 пайыз).

Ноокат округунда 9, Ысык-Көлдө - 15, Свердлов районунда - 5 талапкер каттоого алынган.

Мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Буга аталган округдардан депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу, Максатбек Сарыбагышев жана Шайлообек Атазовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өтө турган болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16493