Ишти жабуу үчүн Кубанычбек Жумалиевден $160 миң доолаганы белгилүү болду
RU

Ишти жабуу үчүн Кубанычбек Жумалиевден $160 миң доолаганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевден кылмыш ишин жабуу үчүн $160 миң опузалап, талап кылышкан. Бул тууралуу Kaktus.media'нын редакциясына күч структуралары билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 20-декабрда Бишкек шаарынын, Биринчи май районунун РИИБсинин кызматкерлери опузалоого шектүү деп чиновниктердин биринин жардамчысы болуп жүргөн имиш жаранды кармашкан.

Шектелүүчү Жумалиевге карата Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишин жабуу үчүн $160 миң доолаган. Ал талап кылган акчасынын $2 миңин алгандан кийин эле дароо Бишкектин көчөлөрүнүн биринде кармалган.

Жумалиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат Бактыбек Жумашев акча опузалоо фактысын Kaktus.media'га тастыктады. Бирок тергөө ишинин сыры сакталышы керек деп, кененирээк айтып берүүдөн баш тартты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/164