Азия чемпионатында тууну жерге жайып, үстүнө отурган спортчу сынга кабылды. Видео
RU

Азия чемпионатында тууну жерге жайып, үстүнө отурган спортчу сынга кабылды. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча (U23) балбаны Орозобек Токтомамбетов Амман шаарында (Иордания) өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчү болду.

Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашкандай, Орозобек Токтомамбетов 74 кг чейинки салмакта күч сынашып, атаандаштарын утуп, 23-жашка чейинкилер арасында үчүнчү ирет Азия чемпиону болду.

Балбан жеңиштен кийин мамлекеттик тууну колуна алып, андан кийин жерге жайып үстүнө отурган. Анын бул кадамы интернет желесине тарап, сын-пикир жаратты.

Белгилесек, Орозобек Токтомамбетов буга чейин 70 кг салмакта 2022 жана 2023-жылдары Азия чемпионатынын жеңүүчүсү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16516