Кийинки жылы нөлүнчү класска барган балдар бир класс аттайт
RU

Кийинки жылы нөлүнчү класска барган балдар бир класс аттайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Келерки жылы 12 жылдык билим берүү моделине өткөндө нөлүнчү класстын окуучулары дароо 2-класска аттайт. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда бала бакчалардагы жана билим берүү борборлорунун даярдоо топторуна 26-30 миңдей бала барат. "Наристе" мектепке чейинки даярдоо программасына дагы 100 миңге жакын бала тартылды.

Бала бакчага же билим берүү борборлоруна болжол менен 70 миңдей бала барбайт, алар мектепке чейинки даярдоо менен камтылган эмес. Келерки окуу жылында бул балдардын баары нөлүнчү класска кабыл алынат. Билим берүү жана илим министрлиги 6 жаштагы бардык балдар мектепке чейинки даярдоонун жаңыланган программасынан өтсө, кийинки жылы дароо эле экинчи класска барышат деп эсептейт.

"Учурда мектеп инфраструктурасы 6 жаштагы бардык балдарды мектептерге 1-класска кабыл алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Андыктан аларды мектепке даярдоо бала бакчалардын, өнүктүрүү борборлорунун, мектепке чейинки билим берүү класстарынын базасында жүргүзүлөт. Бул аларга кийинки жылы дароо экинчи класска барууга мүмкүнчүлүк берет", - дешет министрликтен.

Белгилесек, буга чейин Билим берүү министрлиги 12 жылдык билим берүү моделине өткөндө окуучулардын жаш курагы өзгөрбөй турганын билдрген. Анткени, нөлүнчү класс 1-класс болуп өзгөрөрүн маалымдаган. Башкармалык ошондой эле жаңы жылдан кийин 1-класстын окуучулары арасында сынак өткөрүлүп, андан кийин окуучулар 2-класска өтүшү мүмкүн экенин четке каккан эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16527