Жол кырсыгынан режиссёр Турсун Усенов каза болду
RU

Жол кырсыгынан режиссёр Турсун Усенов каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз киносунда аттын кашкасындай таанымал кинорежиссёр, актёр Турсун Усенов күтүүсүздөн каза болду. "Кыргызфильм" киностудиясынан билдиришкендей, режиссёр авариядан улам ооруканада каза болду.

Турсун Усенов менен коштошуу зыйнаты эртең, 5-июлда Бишкектеги Динара Асанова, 2 дарегинде болот.

Белгилесек, жол кырсыгы 1-июлда болгон. Анда жеңил унаа Volvo жүк ташуучу унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктан 3 адам жабыркап, дагы бирөө каза болгон. Ооруканага түшкөндөрдүн арасында Усенов да болгон.

Өмүр жолу

  • Турсун Усенов 1950-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. 1968-жылы Кыргыз мамлекеттик Университетинин физика математикалык факультетине тапшырган. 1969-жылы Фрунзедеги Политехникалык Институтта окуган. Кийинчерээк 1988-жылы ВГИКте режиссёрдук курста окуйт.
  • Эң алгач "Уркуя" тасмасында реквизитордун жардамчысы катары ишин баштаган. Өмүрүнүн аягына чейин "Кыргызфильм" киностудиясында иштеди.
  • Турсун Усенов жүздөгөн кыргыз тасмаларында экинчи режиссёр катары иштеп өзгөчө баага татыган.
  • Ал режиссёр катары да бир канча тасма тарткан. 1991-жылы "Катарсис" киностудиясында "Ночь демона" тасмасын койгон,
  • 2004-жылы "Юридическая консультация", 13 сериядан турган сериалды тарткан. 2009-жылы "Цель жизни", 2011-жылы "Нам 70" даректүү тасмаларын "Кыргызфильм" киностудиясында тарткан.
  • Ал актёр катары да тасмаларга тартылчу. Кыргыз киносунун кайталангыс ишмери болчу.

Kaktus.kg редакциясы Турсун Усеновдун каза болгондугуна байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16539