УКМК Чүй облустук сотунун судьяларынын кармалышы боюнча маалымат таратты
RU

УКМК Чүй облустук сотунун судьяларынын кармалышы боюнча маалымат таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясынын 2 судьясы ири өлчөмдө пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында 2-июлда Чүй облустук сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьялары А.Т.А. жана К.У.Ж., ошондой эле ортомчу болуп иштеген соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. кармалды.

Коопсуздук комитеттен белгилешкендей, судья К.У.Ж. тергөө органдарынан жашынуу чараларын көрүп, кармоо учурунда кызматтык унаасы менен кырсык жасаган.

"Жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган судьялар соттук отурумдун катчысы аркылуу соттолуучу М.Н`дан оң чечим үчүн 10 миң доллар акча талап кылгандыгы аныкталды. Бирок соттолуучу көрсөтүлгөн сумманы берүүдөн баш тарткандан кийин соттук отурумдун катчысы судьялардын көрсөтмөсү менен эркинен ажыратуу менен байланышпаган жаза колдонуу үчүн 6 миң долларын талап кылган. Аталган кызматкерлер акчалай сыйлыкты өз ара бөлүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

3-июлда Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен судьялар А.Т.А. жана К.У.Ж., анын ичинде соттук отурумдун катчысы О.Ж.Д. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК Жогорку Соттун жетекчилиги менен биргеликте коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16545