Ала-Арча дарыясына коё берилген балыктарды кармап кеткен окуя боюнча мэриянын түшүндүрмөсү
RU

Ала-Арча дарыясына коё берилген балыктарды кармап кеткен окуя боюнча мэриянын түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги Ала-Арча дарыясына 4-июлда мэрия тарабынан балыктар коё берилген. Бирок ошол эле күнү кечинде сууга кайырмагын салып, балыктарды кармап жаткандардын видеосу тарады. Бул көрүнүш интернетте талкууга алынып, "оңолбойбуз" деген нааразычылыктарды жаратты.

Талкуу болуп жаткан окуя боюнча Бишкек шаардык мэриясынан түшүндүрмө берди. Калаа башкармалыгынан билдиришкендей, буга чейин мэр Айбек Джунушалиевдин тапшырмасы менен Ала-Арча дарыясынын нугу тазаланган. Дарыянын түштүк тарабы жарыктандырылып, суунун тазалыгын көрсөтүү үчүн балыктар коё берилген.

"Балыктар экологиялык кампаниянын алкагында сууга коё берилген. Макксаты – Бишкектин тургундарын адаттан тыш нерсе менен кубандырып, дарыядагы таштанды көйгөйүнө көңүл бурдуруу болгон.

Кийинчерээк балыктарды муниципалдык кызматкерлер кармашкан, бирок шаардыктар тарабынан бир нече мыйзамсыз балык уулоо фактылары катталды", - дешти калаа башкармалыгынан.

Бишкек шаардык мэриясы учурдан пайдаланып, балыктарды кармап кеткен жарандарды издеп, айып пул салуу көздөбөй турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16554