Асель Ногойбаева абакта жаткан мурдагы күйөөсүнөн коркутуулар келип жатканын айтты
RU

Асель Ногойбаева абакта жаткан мурдагы күйөөсүнөн коркутуулар келип жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кулак, мурду кесилген Асел Ногойбаева абакта жаткан мурдагы күйөөсүнөн кайрадан коркутуулар башталганын айтты. Жумшак формадагы коркутуулар 8-июлда түндө башталды дейт Ногойбаева.

"СМС билдирүүлөдү түндө жөнөтүп баштады. Телефон да чалып жумшак түрдө коркутту. Абактан качып чыгып кетүү оңой дейт. Мындай билдирүүлөрдү бүгүн, 9-июлда таң атпай кайра келип баштады", - дейт Асел Ногойбаева.

Ал эми жабырлануучунун жактоочусу Индира Саутова бул боюнча Атайын прокуратурага кайрылганын билдирди.

"Атайын прокуратура кызматына кайрылдык. №3 түзөтүү абагында жаткан Азамат Эстебесовдун жазгандарын, аудио билдирүүлөрүн биз коркутуу катары кабыл алып жатабыз. Биз мыйзамдардын аткарылышын талап кылабыз. Соттолгондордун телефонго жетүүгө такыр мүмкүнчүлүгү болбошу керек", - дейт Саутова

Белгилесек, Асел Ногойбаеванын кулак, мурдун кесип, кыйноого алганы боюнча 2024-жылдын январында Сокулук райондук соту Азамат Эстебесовду 20 жылга эркинен ажыратып, Ногойбаевага моралдык зыян үчүн 2 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү өкүм кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16593