Жайлоодо чагылган тийип өлгөн кой, эчки көмүлдү. Сүрөт, видео
1683
Ысык-Көлдүн Жазы-Кечүү жайлоосунда чагылган тийип, кырылган 200дөн кой, эчки санитардык талапка ылайык көмүлдү. Бул туурасында ӨКМнын маалыматында айтылат.
Белгилүү болгондой, Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкери, Тоң районунун Жарандык коргонуу комиссиясы менен биргеликте Жазы-Кечүү жайлоосуна түшкөн чагылгандын кесепеттерин тактоо иштери жүргүзүлдү.
slide 2 of 3
Өлгөн мал ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык көмүлдү. Чагылгандын кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.
Белгилесек, 7-июлда саат 17:00 чамасында Тоң районунун Жазы-Кечүү жайлоосундагы малга чагылган түшкөн.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://vb.kaktus.media/16594