FlyJump`тын ээси үй камагына чыгарылды. Жогорку Соттун түшүндүрмөсү
RU

FlyJump`тын ээси үй камагына чыгарылды. Жогорку Соттун түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскадан секирип жатканда аркан үзүлүп кетип, каза болгон кишинин өлүмү боюнча кармалган FlyJump`тын ээси үй камагына чыкты.

Жогорку Сот Аламүдүн райондук соту эмнеге мындай баш коргоо чарасын тандаганын түшүндүрдү. Маалым болгондой, FlyJump`тын ээсине Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси ("Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу") менен иш козголгон. Бул анча оор эмес кылмышка кирет, ал үчүн айыпкер 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Белгилесек, Н. уулу А`га Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган кылмышты жасагандыгы боюнча айыбы угузулган.

Жогорку Соттун маалыматында, Кылмыш-жаза кодексинин 19-беренсинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык анча оор эмес кылмыштарга (мыйзам тарабынан беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган) атайылап жасалган кылмыштар, ошондой эле (он жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралган) этиятсыздыктан жасалган кылмыштар кирет.

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесине ылайык, бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу Кылмыш-жаза мыйзамы менен 5 жылдан ашык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасаган айыпталуучуларга карата башка кыйла жеңил бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүн болбогондо соттун чечими боюнча колдонулат", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө учурларда бөгөт коюунун бул чарасы 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган кылмыштарды жасоого айыпталган адамдарга карата төмөнкү жагдайлардын бири болгондо колдонулушу мүмкүн:

  • айыпталуучунун Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жери болбогондо;
  • анын инсандыгы аныкталбаганда;
  • ал тарабынан мурда колдонулган бөгөт коюу чарасы бузулганда;
  • ал тергөө өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу органдан, соттон жашырынса.

Ошол эле учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 107-беренесине ылайык, бөгөт коюу чарасын колдонуунун зарылчылыгы жөнүндө маселени чечүүдө анын түрүн аныктоодо тергөө судьясы, сот айыптын негиздүүлүгүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды, анын курагын, ден соолугун, үй-бүлөлүк абалын, ишинин түрүн жана башка жагдайларын эске алат.

Буга ылайык, Аламүдүн райондук соту Н. уулу А. анча оор эмес кылмышты жасагандыгы боюнча айыпталып жаткандыгын, мурун соттолбогондугун, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери бар экендигин, инсандыгын (өздүгү) аныкталгандыгын, үй-бүлөлүк абалын, мурун тергөө органдарынан жашырынбагандыгын эске алуу менен бөгөт коюу чарасы катары үй камагын тандаган.

Белгилүү болгондой, Flyjump спорт комплексинде аскадан секирип каза болгон киши 39 жашта болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16595