Бишкекте июль айынан тарта лифттерди тейлөө тарифи 3 эсеге көтөрүлөт
RU

Бишкекте июль айынан тарта лифттерди тейлөө тарифи 3 эсеге көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте лифттерди тейлөөгө тариф көтөрүлөт. Тиешелүү токтомго борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Документке ылайык, шаардагы көп кабаттуу турак жайлардын лифттик жабдууларын техникалык тейлөө (анын ичинде эксплуатациялоону, учурдагы оңдоолорду, авариялык техникалык тейлөөнү, диспетчердик контролду) тарифи 1 чарчы метрге айына 8,31 сом деп бекитилди (балкондордун жана лоджиялардын аянтын кошпогондо).

Бишкек шаарынын административдик райондорунун жетекчилерине, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгына жана "Бишкекгорлифт" муниципалдык ишканасы калктын аз камсыз болгон тургундарына турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө субсидия берүүнүн тартиби жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Токтом 15-июлдан тарта күчүнө кирет.

Эске салсак, 2015-жылы Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен лифттерди тейлөө боюнча тарифтер төмөнкүдөй белгиленген:

  • релейлик лифттер - батирдин 1 чарчы метрине айына 2,73 сом (балкондордун жана лоджиялардын аянтын кошпогондо);
  • электрондук лифттер - батирдин 1 чарчы метри үчүн айына 3,12 сом (балкондордун жана лоджиялардын аянтын кошпогондо).

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Жаңы тарифтер (13 статей)
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлөт
19 Март 2024, 10:55
Январдан баштап жол кире 20 сом болот. Жаңы тариф кимдерге таасир этпейт?
28 Декабрь 2023, 14:26
Накталай 20 сом. Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт
27 Декабрь 2023, 13:36
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16613