Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору
RU

Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бала чыр салып, бир туугандары менен урушуп, досун сабап же күтүлбөгөн жерден классташын кордоп баштадыбы? Демек, анда агрессия жана жүрүм-турум менен байланышкан көйгөйлөр бар. Ата-энелер жана адистер тез арада бул көйгөйдү чечкенге аракет кылуусу керек.

Агрессивдүүлүктүн жашоого пайдасы деле тийиши мүмкүн: өжөрлүк, максатка жетүүдөгү аракетчилдик, жеңишке умтулуу, тоскоолдуктарды жеңүү сапаттары. Демек, тарбиялык иштер балдардын мүнөзүнөн агрессивдүүлүктү толугу менен жок кылууга эмес, болгону бала үчүн жагымсыз же зыяндуу нерселерди, айталы, анын кыйратуучу, антисоциалдык формаларын чектөөгө жана көзөмөлдөөгө, чечкиндүүлүк, туруктуулук, өзүн коргой билүү, "жок" деп айтуу сыяктуу позитивдүү көрүнүштөрдү шыктандырууга багытталышы керек.

Психолог Елена Малкина Kaktus.media менен биргеликте баладагы агрессиянын факторлорун жана себептерин түшүнүүгө, ошондой эле ага каршы туруштук берүүгө жардам берет.

Агрессияга эмне алып келет?

Баланын агрессия көрсөтүп жана башка балдарды коркутууга алып келе турчу көптөгөн факторлор бар, алар психологиялык жана социалдык мүнөздө болушу мүмкүн;

Балдардын агрессиясынын негизги себеби – алардын негизги муктаждыктарынын канаатандырылбашы: биологиялык, коопсуздук, сүйүү, эмпатия ж.б.у.с. Мындан улам терс эмоциялар пайда болот. Алардын пайда болушуна үй-бүлө, теңтуштар менен баарлашуу, маалымат каражаттары жана интернет таасир этет.

Биринчиден, баланын агрессивдүү болуусуна таасир этүүчү психологиялык факторлорду карап көрөлү:

  • жеке фактор - тарбиянын төмөн деңгээли, өзүн өтө төмөн баалоо, жогорку импульсивдүүлүк, тобокелчиликке барууга даярдыгы жана өзүн-өзү сактоо сезиминин чектелген абалда болушу.
  • жүрүм-турум фактору - башкаларга тоскоолдук жараткан жүрүм-турум: максаты жок убакыт өткөрүү, сабакка барбоо, мектепте начар окуу, нормадан сырткары болгон жүрүм-турум.

Социалдык факторду өзүнчө бөлүп кароо керек – коомдун зордук-зомбулукка жол берүүсү, интернеттин жана социалдык тармактардын таасири, терс көрүнүштөрдүн агымы кайдан келип жатканын дагы өзүнчө карап чыгуу зарыл.

Ата-энелердин кыймыл-аракеттерин, эмоцияларын жана агрессиясын башкара албаган нормадан сырткары болгон жүрүм-турумун дагы эске алуу зарыл. Баланын агрессивдүү жүрүм-турумуна үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалынын төмөндүгү, ата-энесинин биринин жоктугу, өгөй атанын же өгөй эненин пайда болуусу, досторунун начар жүрүм-туруму да себеп болушу мүмкүн.

Агрессивдүү сапаттар кээ бир соматикалык же мээ ооруларынын пайда болушун шарттайт. Бүгүнкү күндө ымыркай үчүн оор кесепеттерге алып келген патологиялык төрөттөрдүн саны көп болууда жана бул баланын мээсинин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип, сүйлөө жана таяныч-кыймыл аппаратынын көйгөйлөрүнө алып келүүдө.

Өнүгүүдөгү бир жетишсиздик экинчисине алып келет. Мунун баары өсүп отуруп, агрессивдүү жүрүм-турумду козгоочу факторго айланат.

Агрессия жана буллинг

Бала өзүнүн эмоцияларын, өзгөчө терс эмоцияларын үйдөн тышкары, бала бакчада, мектепте, секцияда, достору менен короодо ойноп жатканда чыгара алат.

Бала буллер болуп калбашы үчүн аны эмпатияга, коомдук мамилеге үйрөтүү керек.

Кичине балдар

Ата-энелер үчүн коңгуроо - беш жаштан ашкан баланын башка балдарды жана жаныбарларды кыйноодон ырахат алуусу, жүйөөсүз, себеби жок агрессияны көрсөтүүсү, тарбиялоо ыкмаларынын жардам бербеши.

Орто курактагы балдар

Аң-сезимдүү куракта балдарда мектеп турмушунун шарттарына ыңгайлашуусуна байланыштуу көйгөйлөр болушу мүмкүн, мындан улам алар агрессивдүү импульстарды башкара албай кыйналышат.

Эң негизгиси, терс эмоцияларды же жөнөкөй чыр-чатакты бөлүүнү үйрөнүү, терс эмоциялар канчалык көп пайда болоорун түшүнүү.

Агрессиянын факторлорун эмес, себептерин эске алуу зарыл. Буга төмөнкүлөр кирет:

  • ата-энелердин балдарды кабыл албоосу - кайдыгерлик же кастык, эмоционалдык байланыштын бузулуусу;
  • баланын жеке оюн сыйлабоо же, тескерисинче, ашыкча көзөмөл же уруксат берүү;
  • ашыкча же жетишсиз көңүл буруу;
  • физикалык активдүүлүктү чектөө жана жеке эркиндикке болгон укуктан ажыратуу.

Ар бир адам так чектерде иш-аракет эркиндигине ээ экенин түшүнүү керек. Мисалы, жол эрежесин, чоң көчөгө чыкпоо керек экенин билип, көчөдө жөө жүрө алабыз. Эгерде бала жүрүм-турумунун чектерин билсе, анда ага башка адамдардын жеке чектерин бузбоо оңой болот. Ата-энелер ар дайым муну үйрөтүшү керек - жүрүм-турумга, реакция жасоого, ошол эле учурда баланын темпераментин эске алуу зарыл.

Өспүрүм курак

Өспүрүмдөр менен агрессиянын себептерин аныктоо кыйынга турат. Бирок бул нерселерди эстен чыгарбоо керек:

  • социалдык тармактар, кино жана интернет зордук-зомбулукту жайылтат;
  • өспүрүмдөрдө гормондор катуу ойноп турат, ошондуктан, калкан безинин иштешин текшерип туруу зарыл.

Балдар көбүнчө ата-энелери алардын ден соолугуна болгон муктаждыктарына кайдыгер мамиле жасап, адистерге, анын ичинде невропатологдор жана дефектологдорго убагында кайрылбагандыктан жапа чегишет.

Ар бир эркеликтин, жалкоолуктун жана нааразылыктын бир себеби болот - баланын муктаждыктарында бир нерсе канааттандырылган эмес.

Ата-эненин таасири

Агрессиянын себептери үй-бүлөлүк мамилелерден келип чыкса, анда тарбиядагы авторитаризм агрессивдүү жүрүм-турумга алып келиши мүмкүн экендигин айтуу керек. Бул ошондой эле үй-бүлөлүк баалуулуктардын калыптанбаганынын же үй-бүлөлүк системалардын бузулушунун кесепети болушу мүмкүн: ата-энелер эмоционалдык муздактыкты жана кайдыгерликти же ашыкча катаал мамилени көрсөтүшөт. Бала агрессивдүү жүрүм-турум аркылуу боштондукка умтулат.

Эгерде баланы сабаса, кордосо, ага карата жаман тамашаларды айтса, ата-энеси атайылап калп айтса, айрыкча ата-энелер антисоциалдык жашоо образын жүргүзсө, алардын өздөрү агрессивдүү жүрүм-турумду жасаса, балдарды бири-бирине каршы кылып, балага себепсиз уят сезимин сезүүгө жол беришсе, агрессия пайда болот.

Көбүнчө үй-бүлөдө агрессия ата-энелер балдарын бирдей жакшы көргөндү билбегенде, аларга ишенбегенде, досторуна үйгө кирүүгө уруксат бербегенде, өздөрү боорукердикти кантип көрсөтүү керектигин билбегенде жана муну балага үйрөтпөгөндө пайда болот.

Башка дагы бир вариант бар - ата-энелер таптакыр талап койбойт, баласына авторитет эмес, мындан улам бала каалганын жасайт.

Мазактоонун, буллигдин жана агрессиянын кесепеттери

Жабырлануучулар үчүн агрессия чыңалуу жана кемсинтүү, ошондой эле жооп катары жасалган агрессия, ачууланууда, капаланууда, алсыздык жана үмүтсүздүк сезиминде чагылдырылат. Буллингдин эң жаман кесепети – бул өзүн-өзү өлтүрүү. Мындан тышкары, жабырлануучу адам кылмышка баруусу же денеге оор залал келтирүүсү мүмкүн.

Буллингдин себептери ар дайым эле бейбаштардын өздөрү боло бербейт. Мисалы, мугалимдер болушу мүмкүн: мугалим класста болуп жаткан окуяларга көңүл бурбайт же окуучунун аракетине карата бир сөз айтат, ал сөзү өз кезегинде классташтарынын шылдыңына айланат.

Кесипкөй педагогдун негизги милдети – класстагы буллинг маселесин чечүү. Аны чукул токтотуш керек – ким эмнеге укуктуу, окуучулардын кандай укуктары жок экенин түшүндүрүү керек.

Бала мугалимге жардам сурап кайрылганда, ал чоң адам катары көйгөйдү чечүү үчүн бардык күчүн жумшашы керек. Эгерде эч кандай реакция болбосо, анда милицияны, психологдорду, администрацияны жана колдо болгон бардык каражаттарды тартуу зарыл.

Балага буллингге туш болгондо ар кайсы чоң адамга жардам сурап кайрылуу керектигин түшүндүрүү зарыл.

Эгер ата-эне баласы өзү буллер экенин байкаса, анда көйгөйдү үй-бүлөдөн издеши керек. Бала өзүн эч кимге керексиз сезип, эң жакын адамдарына ишенбеши мүмкүн.

Ата-энелер көбүнчө баласы депрессияга түшүп кеткенин сезишпейт. Депрессия азыркы күндө бир топ жашарган, коркуунун кереги жок, психологго кайрылуу зарыл, анткени бул уят эмес.

Ата-эненин милдети баланын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын аныктоо. Көп учурда, ата-энелер байкабайт, бала болсо, өзүнө эмне болуп жатканын түшүнбөйт. Агрессия жасаган бала жабырлануучу тараптын сезимдерин эске албайт, аракеттеринин кесепеттери тууралуу эч качан ойлонбойт.

Агрессивдүү балага кантип жардам берсе болот?

  • Агрессияга каршы күрөшкө ата-энелер толук катышуусу керек. Негизги милдет – бул бала тарабынан жасалган кодулоо аракеттери ага да таасир этиши мүмкүн экенин айтып, болуп жаткан нерселердин атын так атап, түшүндүрүү зарыл.
  • Агрессивдүү адамга өзүн жабырлануучунун ордуна койдуруп көргөн ыкманы колдонсо болот, бул жерде бала өзүнүн сезимдерин сүрөттөп бериши керек. Ата-энелерге агрессия, кодулоо жана буллинг бир адамдын эмес, бүткүл класстын жана компаниянын көйгөйү экенин түшүндүрүү зарыл.
  • Баланын өзгөрөм деген ниетин колдоп, эрежелерди сактаганы үчүн аны мактап, жардам ала аларына ишендирип, ага берилген убадаларды аткаруу керек.
  • Позитивдүү өзгөрүүлөр үчүн иш-аракеттер планын түзүп, эгер өз алдынча күрөшө албасаңар, үй-бүлөдө эмпатия жана достук көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берүү үчүн психологго кайрылсаңар болот.
  • Бала менен убакытты позитивдүү жана натыйжалуу өткөрүү маанилүү. Жадакалса чогуу өткөргөн 30-40 мүнөт да сапаттуу жана баарына жагымдуу болушу керек.

  • Бала үчүн эмоцияларды башкаруу кыйынга турат, ал эми жыныстык жетилүү курагына киргенде өзгөчө көзөмөл керек. Ата-эне ага бул милдетти аткарууга жардам бериши керек.
  • Балага уруксат берилген нерселердин так чеги болушу керек, ал эмне мүмкүн жана эмне мүмкүн эмес экенин түшүнүшү зарыл. Бала коомдун негизги мыйзамдарын жана эрежелерин билсе, анда тынчсыздануу деңгээли төмөндөйт. Өз кезегинде тынчсызданган балдар агрессияга жакын келишет.
  • Ата-энелер өздөрү да эмоцияларын башкара билүүгө жана көйгөйлөрдү конструктивдүү чечүүгө үйрөнүшү керек: кыйкырбай, агрессия көрстпөй.

Үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдү жана чыр-чатакты туура чече билүү балдарга агрессия менен күрөшүү стратегиясында чоң жардам болот. Ал силер ачууну кантип жеңе турганыңарга көңүл бурат.

  • Курч эмоционалдык сын менен баланын өзүн-өзү баалоосун көтөрүү мүмкүн эмес, анын үстүнө жетишкендиктеринин баркын түшүргөн болбойт. Бул гармония жана ишеним берет.
  • Баланын жеке чектерин урматтоону унутпагыла. Эгерде бала сыйга ээ экенин көрсө, ал дүйнөгө ошондой жооп берүүгө үйрөнөт. Баланын пикирин сөзсүз эске алгыла. Бул багыттагы иш туура системаны курууга мүмкүндүк берет.

Агрессивдүү жүрүм-турумду алдын алуу боюнча сунуштар

  • Ата-эне жумуштан колу бошобосо дагы, кунт коюп, чыдамкай болуп, балдар чоңдордун жүрүм-турумун туурай турганын унутпашы керек.

Мисалы, балдардын көзүнчө урушпагыла, эгер бала кокусунан силердин чырга күбө болуп калса, анда ата-энелер дагы эмоцияларын башкара албай калышы мүмкүн экенин, бирок абалдан чыгуу жолун тапса болорун түшүндүрүү керек.

  • Балага оор кырдаалдарга туш болгондо агрессивдүү реакция көрсөтүү зарыл эместигин, анын ордуна боорукер болууга, иш-аракеттеринин кесепеттерин, анын ичинде терс жактарын дагы кабыл алууга үйрөтүү керек. Ата-эне баланы соттобошу керек. Балага ар кандай кыйын кырдаалда ата-энеси колдоо көрсөтөрүн билдирүү маанилүү. Өзүн өзү башкара билүү - эң сонун үлгү.
  • Ошондой эле баланын энергиясын оң жакка - спортко, сүрөт тартууга, сууда сүзүүгө багыттоо маанилүү. Ал жактан бала өзүн-өзү башкарууну үйрөнө алат. Өзүңүздүн каалооңузду эмес, баланын мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдүүлүктөрүн эске алыңыз.
  • Баланын үй-бүлө иштерине кошкон салымынын маанилүүлүгүн баса белгилеп тургула.
  • Агрессия оргонуу реакциясы болсо, анда ага тыюу салуу керек. Бала мындай жүрүм-туруму жакындарын капа кылышы мүмкүн экенин түшүнүшү керек.

Агрессиядан арылуу үчүн көнүгүүлөр

Эгерде бала агрессивдүү эмоцияларды сыртка чыгарууга муктаж болсо, анда төмөнкүлөрдү аткарса болот:

  • катуу бакырып ырдоо же ыр айтуу
  • топту дубалга уруу (көчөдө),
  • кагазды тытып, анан чачыратуу,
  • паркта чогуу чуркап,
  • эсеп менен туура дем алууну үйрөнүү,
  • булчуңдарды чыңдоо жана эс алуу үчүн көнүгүүлөрдү жасоо.

Бул аракеттерди чогуу бала менен жасоо, ортодогу байланышты бекемдөөгө жардам берет.

Ошондой эле баладан кандайдыр бир учурда эмнени сезип жатканын сөз менен айтып берүүсүн сурануу жакшы практика.

Агрессияны токтотуу үчүн эң сонун чечим - баланы полго же диванга жаткыруу. Башка адамды көрбөй калсаң кыйкырыш кыйын дегендей. Бул ыкма заматта тынчтандырышы мүмкүн.

Жардам суроодон тартынбаңыз, анын ичинде кесипкөй жардам. Эгерде маселе жаңы гана пайда болгон болсо дагы психологго баргыла, көптөн бери болуп жаткан агрессивдүү жүрүм-турумдун кесепеттерин оңдоого караганда аны башында оңдоо оңой болот.

Негизги сунуш - сүйүүнү аябагыла. Бул ишеним жана коопсуздук сезимин берет. Көптөр ашыкча сүйүү балдарды бузуп коюшу мүмкүн деп коркушат, бирок андай эмес. Ошол эле учурда, сүйүүнү балага бир нерсе сатып берип гана көрсөткөн болбойт. Бул баланы оңой эле манипуляциялоого үйрөтөт.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (53 статьи)
Позитивдүү жана терс таасир этүүчү маскулиндиктин зомбулукка кандай тиешеси бар?
27 Июль 2024, 15:50
Жыныстык катнаш тууралуу бул мифтерге ишенгенди токтотуу керек
26 Июль 2024, 11:46
Кыз ала качуу - кылмыш! Эмне үчүн бул тууралуу балдарга айтуу керек?
23 Июль 2024, 14:33
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16632