Жалал-Абадда күркөдөгү жарылууга байланыштуу ыкчам штаб өттү
RU

Жалал-Абадда күркөдөгү жарылууга байланыштуу ыкчам штаб өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында газдалган суусундук сатуучу жайда газ баллон жарылып, кырсыктан 1 адам каза болду. Кырсыкка байланыштуу ыкчам штаб өткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүн, 13-июлда "Тору" соода борборунун маңдайында жайгашкан газдалган суу сатуучу күркөдө саат 10:07де кислороддук баллон жарылган. Натыйжада 5 адам жаракат алып, 1 кыз көз жумду.

Кырдаалга байланыштуу ыкчам штабдык отурум өтүп, Жалал-Абад облусунун жарандык коргонуу башчысы Тилек Текебаев жана жарандык коргонуу башчысынын орун басары полковник Абдулнасир Закиров тиешелүү тапшырмаларды койду.

Ага ылайык, облустун аймагындагы тез тамактануучу жана кислороддук газ баллон колдонулган жайлар көзөмөлгө алынып, адистер тарабынан талапка жооп бербеген жайларды жабуу зарылдыгы белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16635