Ош мэриясы селге байланыштуу ар кандай эсептерге акча которбоого чакырды
RU

Ош мэриясы селге байланыштуу ар кандай эсептерге акча которбоого чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу селдин кесепеттерин жоюу жана тазалоо иштери мамлекет тарабынан ишке ашырылып жатат. Куткаруу жана башка тиешелүү иштерге өз убагында чара көрүлүп, тийиштүү кызматкерлер күнү-түнү иш алып барууда. Буга байланыштуу Ош мэриясынын маалымат кызматынын башчысы билдирүү таратып, жарандарды ар кандай акча чогултууларга катышпоого чакырды.

"Урматтуу туугандар, ушундай мезгилде пайда боло калып, кырсыктан өзүнө упай чогултууну максат кылгандар болот экен. Ар кандай флешмоб уюштуруп, акча топтой калалы дегендерди байкап жатабыз. Балким жакшы ойдо кылгысы келгендир, бирок чогулган акчага ким көзөмөл кылат, канча каражат чогулат эч ким билбейт.

Мамлекеттик органдар тарабынан элден каражат чогултуу демилгеси болгон жок. Демек, жеке жарандар тарабынан чогултуп жаткан каражаттын даректүүлүгүнө жооп бербейбиз.

Балким шылуундар дагы ушундай кырдаалды колдонуп, акча жасап алуусу мүмкүн экенин эскертебиз. Ар кандай флешмобдорго жана жардам чогултуу максатында ачылган эсептерге акча каражатын которуудан этият болуңуздар", - деди мэриянын кызматкери.

Белгилесек, 14-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам Оштогу Ак-Буура дарыясы нугунан ашып кетти. Сел борбордук базарды жана Озгур, Төлөйкөн айылдарын каптаган. Бөрүбай-Ата эс алуу аймагынан жарандар эвакуацияланды.

Сел суулары 5 адамды агызып, ошол эле күнү кечинде 6 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бүгүн, 15-июлда издөө иштеринин жүрүшүндө 44 жаштагы аялдын жансыз денеси дарыядан чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16653