Бокс боюнча курама команданын машыктыруучусунун мүлкүн тартып алганга шектүү кармалды
RU

Бокс боюнча курама команданын машыктыруучусунун мүлкүн тартып алганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын бокс боюнча эмгек сиңирген спорт чебери, бокс боюнча улуттук курама команданын улук машыктыруучусу УКМКга арыз менен кайрылган. Анын алкагында уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген жаран кармалды.

Маалым болгондой, жабырлануучу Н.Ж. 2010-жылы насыя алып, тендердин жыйынтыгы менен курулуш базарын уюштуруу үчүн "Жунхай" базарынын жанынан 8,5 сотых жер тилкени сатып алган.

"Тергөөнүн жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топ менен тыгыз байланышы бар Ы.М. аттуу киши алдоо жолу менен ишенимге кирип, жогорудагы участоктун укук белгилөөчү документтерин алып, кылмыштуу топтун колдоосунан пайдаланып "Береке" базарын Н.Ж`дан мыйзамсыз тартып алган. Ошондой эле криминалдык авторитет менен туугандык байланышы бар экендигин айтып коркутуп келген.

Ал эми Н.Ж. насыя боюнча пайыздарды төлөй албай, турак жайынан ажырап, толук кандуу жашоо үчүн дээрлик каражаты жана мүмкүнчүлүгү жок калган", - деп айтылат маалыматта.

Комитеттен белгилешкендей, бул фактыга байланыштуу жабырлануучу укук коргоо органдарына кайрылганы менен эч кандай жыйынтык болгон эмес.

УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында Ы.М. аттуу жаран кармалып, тергөө абагына киргизилди. Учурда аталган фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16654