Call-борбор: "Бок, сийдик ичип жатабыз". Арашан айылынын тургундарынын нааразычылыгы
RU

Call-борбор: "Бок, сийдик ичип жатабыз". Арашан айылынын тургундарынын нааразычылыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй районунун Арашан айылынын тургундары Какtus.media редакциясынын Call-борборуна кайрылып, суунун булганып жатканына нааразы болушту.

Жергиликтүү жашоочулар айылдын жогору жагында эс алуу аймагы - этнокомплекс бар экенин, андагы саркынды суулар түз эле өзөнгө кошулуп жатканын айтышат. Ал эми айыл эли ошол өзөндүн суусун ичерин, башка жол жок экенин белгилешти.

"Эс алуучу жайдын администрациясы саркынды сууларды өзөнгө агызууга уруксат кагаздар бар деп жатат. Мындайга ким уруксат берет?! Биздин бийлик кайда карап жатат?!", - дейт айылдагылар.

Арашандын жашоочулары эс алуу комплексине каршы кол топтолуп жатканын да билдиришти.

Редакция бул жагдай боюнча эс алуучу жайдын администрациясына байланышты. Комплекстин өкүлдөрү бардык керектүү тазалоо системалары иштеп жатканын билдиришти. "Бүгүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын, ошондой эле Жаратылыш ресурстары жана экология министрлигинин өкүлдөрү келип кетишти. Алар суудан үлгүлөрдү алышты, жыйынтыгы 5-7 күндүн ичинде чыгат", - дешти этнокомплекстен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16659