Казакстан селден жабыркаган Ош элине гумжардам жеткирди. Видео
RU

Казакстан селден жабыркаган Ош элине гумжардам жеткирди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан Республикасынан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 19-июлда "BIZ BIRGEMIZ QAZAQSTAN" кайрымдуулук фондунан өлкөнүн түштүгүндөгү селден жабыркаган элге жардам жеткирилди.

Гумжардамдар кайрымдуулук фондуна казак элинен чогулат. 40 тонна жардамдын курамында ун, шекер сыяктуу тамак-аш азыктары жана күнүмдүк колдонулуучу гигиеналык каражаттар бар.

"Ак-Тилек" чек ара өткөрммө пункту аркылуу кирген гуманитардык жардам Ош облусуна жөнөтүлдү.

Белгилесек, 14-июлда катуу жааган жамгырдан улам Ош шаарында сел жүрүп, Ак-Буура дарыясы жээктен ашып кеткен. Ошол эле күнү Ош шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ош облусунун дагы бир нече калктуу конуштары жабыркап, кырсыктан беш адам каза болгон.

Селден кийин Өзбекстан Ош облусуна 200 тонна гуманитардык жардам жектирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16701