Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздары кайсы иш боюнча кармалганын айтты
RU

Ташиев Чыныбай Турсунбековдун кыздары кайсы иш боюнча кармалганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековдун кыздары - Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатынын ээси Айдай Турсунбекова 1 айга камакка алынып, Бегимай Чыныбай кызы үй камагында экени маалым болгон. Алар кайсыл иштин негизинде кармалганын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 7-каналга билдирди.

Ташиев маегинде жеке менчикке кол салуу болуп жатат деген кептерди четке кагып, "биздин тушубузда эч кандай жеке менчикке кол салуу деген болбойт" дейт.

"Чыныбай Турсунбековдун кыздары боюнча… Булар 2010-жылы Максим Бакиевке тиешелүү "Акылинвестбанкты" рейдерлик жол менен тартып алышкан. Чыныбай Турсунбеков аялы Нуржан Тентимишовага каттатып, атын "Капитал банк" деп өзгөртүшкөн. Ошондон бери "Капитал банк" болуп иштеп келе жатат.

Мындан сырткары илгерки Бишкек арак заводун 1,5 гектарга жакын жери менен кошо мыйзамсыз менчиктештирип алышкан. Аны болсо бир тууган кайнисине каттатып алган. Жөнөкөй элдер үй курууга төрт сотых жерге жетпей жүрсө, булар Бишкектин чок ортосунан 1,5 гектар жери менен кошо килейген бир заводду ээлеп алышкан.

Мен буларды менчигиме же жеке чөнтөгүмө алып жаткан жокмун. Мамлекетке кайтартып жатам.

Мисалы, ошол эле арак заводунун 1,5 гектар жерине Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу элдерге үйлөрдү салып беребиз. Банкты сатып, андан түшкөн акчаны ошол эле МИКке үйлөрдү салганга жумшайбыз.

Дагы бир иш - Чолпон-Ата шаарында 18 гектар жерди дагы мыйзамсыз алып, "Акун" деген пансионат салып алышкан. Ал жакта да элдер жарым сотых жерге жетпей зарлап жүрүшөт. Булар 18 гектар жерди ээлеп жатышат.

Биз аны тартып алып жаткан жокпуз. Жердин баасын мамлекетке төлөп койгула деп жатабыз.

"Азаттык" үналгысы эптеп эле кычык издейт. Маалыматты бурмалап берет. Ага көңүл бурбаш керек. Азыр эл өзү маалыматтын чын төгүнүн таразалап ала турган убакта жашап жатабыз. Жумурткадан кыр издегендердин доору бүтүп баратат", - деди ал.

Ташиев жогоруда айтылган мүлктөрдү сактап калыш үчүн УКМК жетекчисине "акча бергенбиз" деген кептерди тактап баштаганын кошумчалады.

"Бизге да ошондой маалымат түштү, изилдей баштадык. Көрсө, өзүнүн эле 10 жылдан ашык жанында юрист болуп иштеген кызматкери "Ташиев ишиңерди бүтүрүп берем деп акча сурап жатат" деп калп айтып, 5 млн доллар акчасын алдап алып алыптыр. Азыркы убакта ал юристи күйөөсү экөө тең кармалды, тергөө иштери жүрүүдө, а мүмкүн дагы башка адамдардын катышы бардыр, убакыт көрсөтөт.

Чыныбай Турсунбековдун кыздары мына ушундай мыйзамсыз иштер менен алектенишип жүрүшөт. Калган мыйзамдуу бир да мүлкүнө тийбейбиз, мисалы ун комбинаты, кафелери, үй мүлкү жана башкалар. Ал эми мыйзамсыз ээлеп алган мүлкүн - элдин акысын буларга жедирбестен, элге кайрып беребиз", - деп белгиледи комитеттин төрагасы.

Эске салсак, 2008-жылы "Акун" пансионатына өткөн 17,65 гектар жерди 2022-жылы УКМК мамлекеттик баланска кайтарган. Комитет 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан "Акун" пансионатынын жеке менчигине 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча чечим мыйзамсыз чыккан деп билдирген.

Анда Айдай Турсунбекова жер тилкесинин бардык документтери мыйзамдуу түрдө алынганын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16730