Жалал-Абадда сел жүрүп, 20дан ашык унааны агызып кетти
RU

Жалал-Абадда сел жүрүп, 20дан ашык унааны агызып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылында сел жүрдү. Аталган аймакка бүгүн, 23-июлда саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жаан жаап, кокту-колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин акыркы саат 20:50гө карата маалыматы боюнча, селден материалдык зыян келтирилди. Сел суулары:

  • 1 оорукана жана соода үйүн;
  • 5 көпүрөнү;
  • 1 чакырым ички чарбалык жолду каптаган;
  • 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Жерине Арстанбап айыл аймагынан 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, 32 куткаруучу (2 мотопомпа) тартылып, кырдаалды жөнгө салуу иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16750