Кара-Суу районуну акими тил кат менен бошотулду
RU

Кара-Суу районуну акими тил кат менен бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жерлерди мыйзамсыз бергенге шек саналып кармалган Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Ош облустук сотунан ырасташты.

Ош шаардык сотунун 23-июлдагы токтомунун негизинде УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын терөөчүсүнүн үй камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандоо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылды.

"Сот А.Т.А`га (Токтоболот Абыкеев) карата 16-сентябрга чейин башка жакка кетпөө жөнүндөгү тил кат түрүндөгү бөгөт чарасын тандады. Сот шектүүгө карата бөгөт коюу чарасын тандоодо өздүгү аныкталгандыгын, туруктуу жашаган жери бар экендигин жана кызматтык иш сапарын эске алган", - дешти соттон.

Белгилесек, Темирболот Абыкеев Кара-Суу районунун Ынтымак айылындагы жайыт жерлрди турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүүгө байланыштуу 22-июлда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгына суракка чакыртылып, кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16752