УКМК Бишкектеги 19 көчөнү оңдоону убадалаган ишканага кылмыш ишин козгоду
RU

УКМК Бишкектеги 19 көчөнү оңдоону убадалаган ишканага кылмыш ишин козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарындагы жолдорду куруу мөөнөтү бузулгандыгы үчүн кылмыш иши козголду. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Комитеттин билдирүүсүнө караганда, Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда тийиштүү милдеттемелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбоо фактылар аныкталды.

"2023-жылдын башында "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тарабынан шаардагы 19 жолду жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду капиталдык оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы боюнча 145 млн сом суммасында "Б.Г" ЖЧКсы иш жүргүзөрү аныкталган. Ошол эле учурда жумушту аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын март айына белгиленген. Бирок комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында иш жүзүндө 9 гана көчөдө оңдоо иштери бүткөнү такталды.

"Б.Г" ЖЧКсы тарабынан курулушту кечиктирүүнүн себептери катары - курулуш техникасынын жетишсиздиги, мыйзамсыз курулуштарды бузуу зарылдыгы, жашыл аянттарды кесүү жана кыюу, электр мамыларын которуу жана башка ар кандай жагдайлар белгиленген. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө алар тастыкталган эмес.

"Б.Г." ЖЧКсынын жетекчилиги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгын толугу менен моюндап, бардык иштерди 2024-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүүгө кепилдик берди", - дешет комитеттен.

УКМК мамлекеттик тапшырыктардын алкагында подряддык уюмдардын милдеттенмелерин сапаттуу жана өз убагында аткаруу зарылдыгын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://vb.kaktus.media/16756